Мезгил кутусун салуу аземи: Бишкек филиалынын жаңы имаратынын курулушу

  • Рубрика записи:Новости

Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Бишкек филиалынын жаңы имаратынын курулушуна мезгил кутусун салуу аземи болуп өттү. Курулуш Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы менен биргеликте ишке ашырылып, жер маселелери боюнча мамлекеттик кызматтарды өркүндөтүүгө жана жарандар үчүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган.

Алты кабаттуу жаңы имарат жарандарга жана кызматкерлерге ыңгайлуу шарттарды түзөт. Анда заманбап кабыл алуу залдары, күтүү зоналары жана санариптик кызматтар каралып, күнүнө 3000ден ашуун жаранды тейлөөгө ылайыкталат. Ошондой эле 252 орунга ылайыкталган унаа токтотуучу жай каралган, архив үчүн жаңы сактоо технологиялары жана жашыл эс алуу зоналары каралган.

Мамлекеттик агенттик бул долбоор жерге жайгаштыруу жана кадастрдык кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүүнү жана модернизациялоону өнүктүрүүгө маанилүү салым кошот деп ишенет. Жаңы имарат жарандар үчүн мамлекеттик кызматтарды алууну жеңилдетип, кошумча жумуш орундарын түзөт жана мекеменин иштөө эффективдүүлүгүн жогорулатат.

Бул курулуш – өлкөнүн инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана жарандардын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган маанилүү инвестиция болуп саналат.