Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Таш-Көмүр филиалы милдеттүү нотариалдык күбөлөндүрүүнү  талап кылбаган келишимдерди каттоо боюнча адистин бош кызмат ордун ээлөөгө ачык конкурс жарыялайт – 1 бирдик.

  • Рубрика записи:Вакансии

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Таш-Көмүр филиалы милдеттүү нотариалдык күбөлөндүрүүнү  талап кылбаган келишимдерди каттоо боюнча адистин бош кызмат ордун ээлөөгө ачык конкурс жарыялайт – 1 бирдик.

Квалификациялык талаптар:

1.Багыттары боюнча жогорку билими: жерге жайгаштыруу жана кадастр,    мүлктү баалоо жана башкаруу  жана  юриспруденция.

  1. Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча иш тажрыйбасы 1 жылдан кем эмес иш стажы.
  2. Мамлекеттикжана расмийтилдердибилүү.
  3. Компьютерди жана оргтехниканы, керектүү программалык продуктуларды (КЖБ, КЖБ ж.б.) билүү.
  4. Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын жер, жарандык ж.б. мыйзамдарын билүүсү.

 

Кызматтык милдеттери:

–  Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо;

– милдеттүү нотариалдык күбөлөндүрүүнү талап кылбаган кыймылсыз мүлккө тиешелүү келишимдер боюнча укуктардын мамлекеттик каттоосун сапаттуу камсыз кылуу;

– кыймылсыз мүлккө катталган укук белгилөөчү жана укук тастыктоочу документтердин өз убагында берилишине көзөмөлдү камсыздоо;

– өз ыйгарым укуктарынын чегинде жарандардын жана уюмдардын кайрылууларын кароо жана консультация берүү;

– кызматтык этиканын ченемдерин жана нормаларын сактоо;

– Башкармалыктын белгиленген ички эмгек тартибинин эрежелерин, кызматтык нускамаларды, расмий маалымат менен иштөө жана кызматтык өз ара аракеттенүүнүн тартибин сактоо,

–  кызматтык этиканын ченемдерин сактоо;

– кыймылсыз мүлктүн бирдигинин маалымат базасына укуктардын өтүшү тууралуу маалыматты толук жана туура киргизилишин камсыздоо;

– жетекчилерге баш ийүүчүлүк тартиби менен жогорку кызмат өкүлдөрүнүн кызматтык ыйгарым укуктарынын чегинде берилген буйруктарын жана көрсөтмөлөрүн өз учурунда жана сапаттуу аткаруу;

– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген Агенттикке тиешелүү чектөөлөрдү жана тыюу салууларды сактоо;

– зарыл болгон учурда комиссияларга катышуу.

Конкурска катышуу үчүн керектүү документтер:

* өздүк арыз, кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча, 3 х4 см сүрөт;

* жыйынтык (резюме);

* билими тууралуу дипломдун көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);

* эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);

* КРнын ИИМинен соттолбогондугу тууралуу маалым кат;

* өмүр баян (кол менен);

* паспорттун же инсандыгын ырастоочу документтин көчүрмөсү(паспорттун же инсандыгын ырастоочу документтин түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт); аскердик билеттин көчүрмөсү.

* окумуштуулук даража жана окумуштуулук наам ыйгаруу, квалификациясын жогорулатуу тууралуу документтердин көчүрмөлөрү.

 

Скоросшивателге көктөлгөн документтер 27май 2025-ж. саат 17:30 чейин Ленин көч., 25 -Таш-Көмүр филиалына, кадрлар бөлүмүнө берилиши керек.

Тел. 03745 5-03-38

Квалификациялык талаптарга жооп берген талапкерлер тестирлөөгө чакырылат. Тесттин датасы, убактысы жана орду жөнүндө кошумча маалымат берилет.