Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин финансы жана экономикалык пландаштыруу башкармалыгынын бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук бөлүмүнүн жетектөөчү адисинин бош кызмат  ордун ээлөөгө ачык конкурс жарыялайт

  • Рубрика записи:Вакансии

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин финансы жана экономикалык пландаштыруу башкармалыгынын бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук бөлүмүнүн жетектөөчү адисинин бош кызмат  ордун ээлөөгө ачык конкурс жарыялайт

  1. Квалификациялык талаптар жана жеке сапаттары
Башкармалыктын бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук бөлүмүнүн жетектөөчү адис кызмат ордун ээлөө үчүн төмөнкү квалификациялык талаптар коюлат:
Кесиптик билимдин деңгээли:
      – багыттары боюнча жогорку билими: экономика, каржы жана кредит, бухгалтердик эсеп, аудит
Иш тажрыйбасы жана эмгек стажы:
       -жерге жайгаштыруу жана жер кадастры, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо тутумунда же тиешелүү кесиптик чөйрөдө иш тажрыйбасы 2 жылдан кем эмес
Кесиптик компетенттүүлүк:
Билими:

Башкармалыктын бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук бөлүмүнүн жетектөөчү адиси төмөнкүлөрдү билиши керек:

– Кыргыз Республикасынын Консититуциясы;

– КР Эмгек кодекси;

– КР бюджет жөнүндө кодекси;

– Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинети жɵнүндɵ» конституциялык Мыйзамы;

– Кыргыз Республикасынын «Бухгалтердик эсеп жɵнүндɵ» Мыйзамы;

– Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө” Мыйзамы;

– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2017-жылдын 29-сентябрындагы № 626  токтому менен бекитилген “Казыналыктын бирдиктүү эсеп системасындагы атайын жана депозиттик эсептерде топтолгон бюджеттик мекемелердин каражаттары жөнүндө” Жобо;

–  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №53  токтому менен бекитилген “Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиги жөнүндө”Жобо;

– Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2024-жылдын 22-январындагы №1 буйругу менен бекитилген “Мамлекеттик башкаруу секторунун уюмдары тарабынан бухгалтердик эсепти уюштуруу жана жүргүзүү боюнча жобону бекитүү жөнүндө” Жобо;

– мыйзам актыларды, токтомдор, экономикалык, пландоо, бухгалтердик эсепти уюштуруу боюнча методикалык жана ченемдик материалдарды;

– Кыргыз Республикасынын ϴкмɵтүнүн 2000-жылдын 26-октябрындагы № 637 токтому менен бекитилген «Кызмат көрсөтүү үчүн акы төлөөнүн өлчөмүн аныктоо жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр (жумуштар) методикасы жɵнүндɵ» Жобо;

– 1-С автоматташтырылган бухгалтердик программасын;

– кирешеден алынуучу салыктын тартиби;

– Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана Жер агенттигинин ички актыларын.

Чеберчилиги:
–       иштин алдыңкы багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;

–        анализдөө, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг;

–        ыкчам чечим кабыл алуу жана алардын кесепеттери үчүн жоопкерчилик;

–        кызыкчылыктардын кагылышына алып келген көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;

–        кыйынчылыктарды чечүү үчүн инновациялык ыкмаларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн табуу;

–        өз ишин жана башкаруу ишин натыйжалуу пландаштыруу.

Жөндөмдүүлүк:
–  жылдык иш пландарын иштеп чыгуу;

–  ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

– мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышууларды жүргүзүү;

– маалыматты талдоо, тутмдаштыруу жана жалпылоо;

– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды иш жүзүндө колдонуу;

– конфликттик кырдаалды жөнгө салуу;

– маалымат базалары менен иштөө;

– презентацияларды даярдоо;

– кызматтык убакытты рационалдуу пайдалануу;

– компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Тилдерди билүүсү:

–        Кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн мамлекеттик жана зарыл болгон өлчөмдө расмий тилдерди билүү.

Компьютерде иштей билүүсү:

–        MS/Office;

–        Excel;

–        электрондук почтаны колдонуу;

–        маалыматтар базасы менен иштөө көндүмдөрү;

–        АМТ “Infodocs”(ЭИКЖТ).

Жеке сапаттары:

–        чынчылдык;

–        калыстык;

–        жоопкерчилик;

–        тартип;

–        аткаруучулук;

–        тырышчаактык;

–        демилге;

–        натыйжалуулук;

–        кесиптик билимди жана көндүмдөрдү топтоого жана жаңыртууга умтулуу;

–        коюлган милдеттерди чечүүгө чыгармачылык менен мамиле кылуу.

–        инновацияга басым жасоо;

–        командалык иш;

–        натыйжага багыт алуу;

–        аналитикалык ой-жүгүртүү;

–        стратегиялык иштер;

–        профессионалдык өнүгүү;

–        ийкемдүүлүк;

–        лидерлик сапат жана башкалардын өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү;

–        маданият аралык компетенция.

                                                       3. Кызматтык милдеттери
 Башкармалыктын бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук бөлүмүнүн жетектөөчү адиси төмөнкү милдеттерди аткарат:

– Агенттиктин отчеттуулугун жана эсепке алуунун оперативдүү жана натыйжалуу системасын киргизүү маселелерин жөнгө салуучу нускамаларды, колдонмолорду иштеп чыгууга катышууга;

– Жер агентигинин атайын эсебине түшкөн каражаттардын эсебин жүргүзүү жана ыинансы башкармалыгы, банктык мекемелер менен салыштырып текшерүү ай сайын жүргүзүү жана актыларын даярдоо;

– Жер агентигинин атайын эсебине түшкөн каражаттар боюнча отчет даярдоо жана жетекчиликке жеткизүү;

– Жер агентигинин атайын эсебине түшкөн каражаттарды банк мекемелеринин көчүрмөсүнө ылайык филиалдар боюнча текшерүү жана салыштыруу актыларын түзүү;

– Жер агентигинин атайын эсебине түшкөн каражаттарды кызмат көрсөтүүлөрдүн түрү боюнча “Атайын каражаттар боюнча чыгымдардын сметасынын аткарылышы жөнүндө” отчет (форма-4) менен текшеруу;

– Жер агентигинин атайын эсебине О-деньги, Мега-Пей, Рей-24, Мбанк операторлору аркылуу келип түшкөн каражаттарды филиалдар боюнча бөлүштүрүү жана ай сайын салыштыруу актыларын тузуу;

-кызмат көрсөтүүнүн негизинде юридикалык жактардан келип түшкөн каражаттарды 1-С бухгалтердик программасына киргизүү;

– Жер агентигинин борбордук аппаратында жана филиалдарында инвентаризация жүргүзүүгө катышуу;

– башкармалыктын компетенциясына кирген маселелер боюнча комиссиялардын, жумушчу топтордун ишине катышуу;

– кызматтык этиканы сактоо;

– бөлүмдүн корреспонденциясын жүргүзүү.

       Жоюлган жана/же жоюлбаган  соттуулугу бар, жазык куугунтугу уланып жаткан жана/же токтотулган жана/же шектенүүсү бар  адамдар директордун кызмат ордуна дайындалышы мүмкүн эмес.

Сынакка катышуу үчүн төмөнкүлөрдү тапшыруу керек:

–  жеке арыз, жеке курамдын өздүк иши, резюме, өмүр баяны (маалымат- соттуулугу бар же жок экендигин көрсөтүү менен); мед. справка №086; 3×4 сүрөт – 3 даана;

– паспорттун же ким экендигин тастыктаган документтин көчүрмөсү (паспорттун же инсандыгын ырастоочу документтин түп нускасы сынакка келгенден кийин көрсөтүлөт);

– кесиптик билимин, иш тажрыйбасын жана квалификациясын тастыктаган зарыл документтер (эмгек китепчесинин көчүрмөсү, билими жөнүндө, квалификациясын жогорулатуу жөнүндө, илимий даража жана илимий наам берүү жөнүндө, аскердик күбөлүгүнүн көчүрмөсү, нотариус же персонал менен иштөө башкармалыгы тарабынан күбөлөндүрүлгөн документтердин көчүрмөлөрү) иштеген жериндеги кызматтар).

Сынакка катышуу үчүн документтер 2024-жылдын 18-сентябрынан баштап 1-октябрын кошо алуу менен Бишкек шаары, Орозбеков көч., 44 дарегине, 307-иш бөлмөсүнө саат                                  18: 00ге чейин, тапшырылышы керек.