Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Каракол-Аксуу филиалы жер кадастры жана кадастрдык изилдөө боюнча адис -1 бирдик бош кызмат ордун ээлөөгө ачык сынак жарыялайт.
Жер кадастры жана кадастрдык изилдөө боюнча адис – 1 (бир) бирдик.
Кесиптик билим деңгээли: Багыттары боюнча жогорку билими: геодезия жана картография, жерге жайгаштыруу жана кадастр, архитектура жана шаар куруу, юриспруденция, агроном, гидромелиорация, мүлктү баалоо жана башкаруу.
Иш тажрыйбасы жана эмгек стажы:
Жер кадастры жана топографиялык изилдөө бөлүмүнун адиси – жерге жайгаштыруу жана жер кадастры, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо тутумунда иш тажрыйбасы 1 жылдан кем эмес, же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 2 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы же мамлекеттик/муниципалдык кызматта 2 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы;
Кесиптик компетенттүүлүгү:
– Мамлекеттик жана расмий тилдерди;
– Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
– “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз
Республикасынын конституциялык Мыйзамын;
– Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө конституциялык Мыйзамын;
“Жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө”, “Жер укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө”, “Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө”, Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын;
– Кыргыз Республикасынын Граждандык жана Турак жай кодексин;
– Кыргыз Республикасынын Жер кодексин;
– Кыргыз Республикасынын Этика кодексин;
-“Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө”, “Жайыттар жөнүндө”, “Жер участокторун өткөрүп берүү (трансформациялоо) жөнүндө”, “Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө”, “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”, “Жарандардын арыздарын кароонун тартиби жөнүндө”, “Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен жасалган бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдары;
-Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024жылдын 12-февралындагы № 53 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жобону
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш-кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;
Компьютерде иштей билүү:
– MS / Office;
– электрондук почтаны башкаруу, интернет тутуму менен иштөө;
– СЭД жана башка маалымат базалары менен иштөө чеберчилиги.
Конкурска катышуу үчүн керектүү документтер:
· өздүк арызы, кадрларды эсепке алуу баракчасы, сүрөт 3 х4 см;
· резюме;
· билими тууралуу дипломдун көчүрмөсү (нотариалдык күбөлөндүрүлгөн);
· эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);
· Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинен соттолбогондугу жөнүндө маалымкат;
· автобиографию (кол менен);
· паспорттун же өздүгүн тастыктоочу документтин көчүрмөсү (паспорттун же өздүгүн тастыктаган документтин түп нускасы сынакка келгенде көрсөтүлүшү керек); аскердик билеттин көчүрмөсү.
· илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу, квалификациясын жогорулатуу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү.
Папкага салынган документтер 2025-жылдын 21-апрелинен баштап 2024-жылдын 30-апрелине чейин саат 17:30га чейин Каракол шаары Тюпская №1 дарегине тапшырылат. Тел. 03922 3-12-92, 0508010108
Квалификациялык талаптарга жооп берген талапкерлер тестирлөөгө чакырылат. Сынактын датасы, убактысы жана орду кошумча жарыяланат.