Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Кадамжай филиалынын ваканттык бош кызмат орундарга Сынак жарыялайт

  • Рубрика записи:Вакансии

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары,

кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин

Кадамжай филиалынын ваканттык бош кызмат орундарга

Сынак жарыялайт

 

Филиалдын жер кадастры жана каттоо бөлүмүнүн жер кадастры жана кадастрдык изилдөө боюнча адис кызмат ордуна – 2 (эки) орун.

  • Кесиптик билим деңгээли:
  • Жогорку билим же кесиптик орто билим (жерге жайгаштыруу, геодезия, картография, гидромелиорация, юриспруденция, агрономия, архитектура жана курулуш, мүлктү баалоо жана башкаруу.);
  • Иш стажы жана тажрыйбасы:
  • Талап коюлбайт;
  • Кесиптик компетентүүлүгү:

Төмөнкүлөрдү билүү:

  • Кыргыз Республикасынын Жер Кодекси;
  • Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-февралындагы № 53 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жобону;

Билгичтиги:

  • Жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
  • Документтерди, маалыматтарды, суроо талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
  • Тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет олкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;
  • Кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
  • Жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

Командада иштөө;

  • Жер кадастры жана картографиялык талдоо иштерин жүргүзө билүү;
  • Картографиялык шарттуу белгилерди жана карта менен иштөөнү;

Көндүмдөрү:

  • Мамлекеттик жана/ же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
  • Ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
  • Маалымат базасында иштей билүү;
  • Геодезиялык инструменттер менен иштей билүү;
  • Жумуш убактысын үнөмдүү пайдалануу;
  • Компьютерде иштей билүү (Word, Exel, Internet);

Сынакка катышуу үчүн талап кылынуучу документтер:

  • Арызы, кадрларды каттоо баракчасы, резюме, өмүр баян, сүротү 3х4 – 3 даана;
  • Паспорттун көчүрмөсу (паспорттун же ким экендигин тастыктаган документтин түп нускасы сынакка документтерди тапшырган учурда, ошондой эле тестирлөө этабында көрсөтүлөт);
  • Керектүү кесиптик билимин, эмгек стажын жана квалификациясын ырастаган документтери, эмгек стажын жана квалификациясынын ырастаган документтери (эмгек китепчесинин, билими, квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам  берилгендиги жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү нотариустан же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт);
  • Соттолбогондугу жөнундө маалымкат (КР ИИМ Маалымат борбору).

Сынакка катышуу үчүн жогоруда жазылган документтерди жарыя чыккан күндөн баштап 1 (бир) жуманын ичинде Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Кадамжай филиалынын кабылдамасына тапшыруунуздар зарыл.

 

Дареги: Кадамжай району, Кадамжай шаары, К.Ысманов кочосу, № 10

Байланыш үчүн: тел/факс  03655 5-00-24

                                 Моб:        0779 814 404

 

Сынакка катышуучу талапкерлерге сынак өткөрүү күнү жана орду кошумча билдирилет.