Кыргыз  Республикасынын  Министрлер Кабинетине караштуу  Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча агенттиктин Токмок-Чүй  филиалынын жер кадастры жана кадастрдык изилдөө боюнча адисинин бош кызмат  ордун ээлөөгө ачык конкурс жарыялайт.

  • Рубрика записи:Вакансии

Кыргыз  Республикасынын  Министрлер Кабинетине караштуу  Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча агенттиктин

Токмок-Чүй  филиалынын жер кадастры жана кадастрдык изилдөө боюнча адисинин бош кызмат  ордун ээлөөгө

ачык конкурс жарыялайт.

 

Токмок-Чүй  филиалынын жер кадастры жана кадастрдык изилдөө боюнча адисинин бош кызмат  ордуна -2 орун.

 

Стажы жана иш тажрыйбасы:

Жерге жайгаштыруу жана жер кадастры, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо тутумунда иш тажрыйбасы 1 жылдан кем эмес, же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 2 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы же мамлекеттик/муниципалдык кызматта 2 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы;

 Кесиптик билим деңгээли:

Багыттары боюнча  жогорку билими: геодезия жана картография, жерге жайгаштыруу жана кадастр,  архитектура жана шаар куруу, юриспруденция,  агроном, гидромелиорация, мүлктү баалоо жана башкаруу.

 

Билүүсү зарыл:

–    Мамлекеттик жана расмий тилдерди;

–    Кыргыз Республикасынын Конституциясын;

–    “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз

Республикасынын конституциялык Мыйзамын;

– Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө конституциялык Мыйзамын;

– “Жер  кодексин колдонууга киргизүү жэөнүндө”,   “Жер укуктук мамилерди жөнгө салуу жөнүндө”, “Кыймылсыз мүлккө  жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө”, Административдик иштин негиздери жана административдик  жол-жоболор жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын;

–    Кыргыз Республикасынын Граждандык жана Турак жай  кодексин;

–    Кыргыз Республикасынын Жер кодексин;

–    Кыргыз Республикасынын Этика кодексин;

–    “Айыл чарба жерлерин башкаруу жөнүндө”, “Жайыттар жөнүндө”, “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө”, “Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө”, “Геодезия жана картография жөнүндө”, “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын;

–   Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрында № 233 токтому менен бектилген “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин регламентин”;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 9-октябрындагы № 535 токтому менен бекитилген “Мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” жобону;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 5-январындагы № 1 токтому менен бекитилген “Айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларын ордун толтуруунун наркынын ченемдерин бекитүү жана алардын ордун толтуруу тартибинде келип түшкөн каражаттарды пайдалануу жөнүндө жобону”;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 8-декабрындагы № 311 токтому менен бекитилген “Жер участогуна укуктарды күбөлөндүрүүчү документтерди тариздөөнүн жана берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” жобону;

–   Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы  № 49 токтому менен бекитилген “Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана укуктардын чектөөлөрүн жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо эрежесин”;

–   Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-ноябрындагы № 301 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин жергиликтүү каттоо органдары тарабынан жана Кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү маалыматтык системасынан кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматтарды берүү тартиби тууралуу” жобону;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-июнундагы № 388 токтому менен бекитилген “Кыймылсыз мүлк бирдиктерине техникалык изилдөө жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” жобону;

–  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча Типтүү нускамасын”;

– Кыргыз Республикасынын мыйзамы   2008-жылдын 14-апрелиндеги № 58 “Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө”,  ушул Мыйзам жеке маалыматтарды чогултууга, иштеп чыгууга жана пайдаланууга байланыштуу адамдын жана жарандын эркиндиги менен укуктарын коргоо камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен мыйзамдарына ылайык жалпы кабыл алынган эларалык ченемдердин жана принциптердин негизинде жеке маалыматтар менен иштөөнү укуктук жактан жөнгө салууга багытталган;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 759 “Жеке маалыматтар субъектисинин жеке маалыматтарын чогултууга жана иштетүүгө анын макулдугун алуу тартибин, алардын жеке маалыматтарын үчүнчү тарапка берүү жөнүндө жеке маалыматтар субъектилерине билдирүү тартибин жана формасын бекитүү тууралуу” токтомун;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 760 “Жеке маалыматтарды маалымат тутумдарында иштетүү учурунда аткарылышы жеке маалыматтардын корголушун белгиленген деңгээлде камсыз кылуучу,  жеке маалыматтардын коопсуздугун камсыз кылууга жана коргоого талаптарды бекитүү жөнүндө” токтомун;

– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-мартындагы №158 “Мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жеке маалыматтардын башка мамлекеттик кармоочуларынан (ээлеринен) алынган жеке маалыматтардын пайдаланылышын контролдоо жөнүндө” токтомун;

– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын                                     12-февралындагы № 53 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жобону;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен   бекитилген  Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүү жөнүндө, Мамлекеттик менчикте турган  жер участокторун берүү  жөнүндө тартиптерин;

– Жерди мамлекеттик эсепке алуу (жер кадастры) жөнүндө жобону;

– ченемдик укуктук  актыларды иштеп чыгуу процедураларын;

-эмгек, өндүрүш жанга башкарууну уюштуруу негиздерин;

-эмгек коргоо эрежелерин жана ченемдерин.

 

Жөндөмдөр:

  • аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
  • маалыматты талдоо, тутумдаштыруу жана жалпылоо;
  • ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды иш жүзүндө колдонуу;
  • картографиянын негиздерин билүү;
  • топографиялык жана геодезиялык иштердин негиздерин билүү жана аны картография материалдарына колдонуу;
  • административдик иштер боюнча жол-жоболорду билүү;
  • маалыматтык технологиялардын негиздерин билүү;
  • конфликттик кырдаалды жөнгө салуу;
  • маалымат базалары менен иштөө;
  • презентацияларды даярдоо;
  • кызматтык убакытты рационалдуу пайдалануу;
  • Компьютердик жана жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

 

Көндүмдөр:

  • Жетекчинин шыктарына, аналитикалык жөндөмдөргө ээ болуу;
  • иштин алдыңкы багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;
  • анализдөө, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг;
  • ыкчам чечим кабыл алуу жана алардын кесепеттери үчүн жоопкерчилик;
  • кызыкчылыктардын кагылышына алып келген көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;
  • талаштарды компетенттүү чече билүү, кыйынчылыктарды чечүү үчүн инновациялык ыкмаларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн табуу;
  • өз ишин натыйжалуу пландаштыруу, кызматтык убакытты сарамжалдуу пайдалануу;
  • кыйынчылыктарды  чечүү   үчүн   инновациялык   ыкмаларды  колдонуу

мүмкүнчүлүктөрүн табуу.

 

Тилдерди билүү:

  • Кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн мамлекеттик жана зарыл болгон өлчөмдө расмий тилдерди билүү.

 

 Компьютерде иштей билүү:

  • MS/Office;
  • электрондук почтаны колдонуу;
  • маалыматтар базасы менен иштөө көндүмдөрү;
  • АМТ “Infodocs”(ЭИКЖТ)
  • ArcGIS, AutoCAD

 

Жеке сапаттар:

Чынчылдык, калыстык, жоопкерчилик, тартип, аткаруучулук, тырышчаактык, демилге, натыйжалуулук, кесиптик билимди жана көндүмдөрдү топтоого жана жаңыртууга умтулуу, коюлган милдеттерди чечүүгө чыгармачылык менен мамиле кылуу.

 

Сынакка катышуу үчүн төмөнкүлөрдү тапшыруу керек:

–  жеке арыз, таржымал, өмүр баяны, өздүк баракча, маалым кат- соттолгондугу жок экендигин көрсөтүү менен,  мед. справка №086;  3×4 сүрөт — 3 даана;

-паспорттун же ким экендигин тастыктаган документтин көчүрмөсү (паспорттун же инсандыгын ырастоочу документтин түп нускасы сынакка келгенден кийин көрсөтүлөт);

– кесиптик билимин, иш тажрыйбасын жана квалификациясын тастыктаган зарыл документтер (эмгек китепчесинин көчүрмөсү, билими жөнүндө, квалификациясын жогорулатуу жөнүндө, илимий даража жана илимий наам берүү жөнүндө, аскердик күбөлүгүнүн көчүрмөсү, нике күбөлүгү (нотариус менен  күбөлөндүрүлгөн документтердин көчүрмөлөрү).

 

Сынакка катышуу үчүн документтер, жарыяланган күндөн тартып 10 жумуш  күн ичинде кабыл алынат. Чүй раиону, Чүй айылы, М.Сансызбаев көчөсү, 110 дарегине , тапшырылышы керек. Байланыш тел: : (312) 607389;  (3138) 3-77-94 .