Каракол-Аксуу   филиалынын кыймылсыз мүлккө укуктарды жана чектөөлөрдү мамлекеттик каттоо боюнча адисинин бош кызмат  ордун ээлөөгө ачык конкурс жарыялайт

  • Рубрика записи:Вакансии

Кыргыз  Республикасынын  Министрлер Кабинетине караштуу  Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча  мамлекеттик агенттигинин Каракол-Аксуу   филиалынын кыймылсыз мүлккө укуктарды жана чектөөлөрдү мамлекеттик каттоо боюнча адисинин бош кызмат  ордун ээлөөгө ачык конкурс жарыялайт.

 

Каракол-Аксуу  филиалынын кыймылсыз мүлккө укуктарды жана чектөөлөрдү мамлекеттик каттоо боюнча адисинин бош кызмат  ордуна-1 орун.

 

Стажы жана иш тажрыйбасы:

—  Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо жана кадастр тутумунда 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы.

 Кесиптик билим деңгээли:

— төмөнкү багыттар боюнча жогорку билим: жерге жайгаштыруу, юриспруденция, кыймылсыз мүлктү башкаруу.

Билим:

Мамлекеттик кызматчы өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарууда,  ченемдик укуктук актыларды жетекчиликке алышы керек:

—  Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

— «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы;

—   Кыргыз Республикасынын Жарандык кодекси;

—   Кыргыз Республикасынын Жер кодекси;

— «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө», «Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»; “Жарандардын арыздарын кароонун тартиби жөнүндө” мыйзамдары;

-“Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы;

-Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын 2021-жылдын 26-октябрындагы №571 Тескемеси менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында документтер менен иштөөнүн Регламенти;

—  Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы    № 116 Кыргыз  Республикасынын айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү Министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрү жана уюмдары жөнүндө токтому (31 жана 32-тиркемелерге ылайык);

—  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамалар;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-майындагы №255 Токтому менен бекитилген кызматтык пайдалануу үчүн маалыматтарды кмтыган документтер менен иштөө тартиби жөнүндө Жобо;

— Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча Кеңештин 2016-жылдын 19-августундагы №43 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этикалык кодекси;

-“Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын                                              15-февралындагы №49 токтому менен бекитилген Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана укуктардын оорчулуктарын (чектөөлөрүн) жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо эрежелери;

—  Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары.

 

Жөндөмдөр:

—  ишмердүүлүктүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;

—   талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү;

— чечимдерди ыкчам  кабыл алуу жана алардын кесепеттери үчүн жоопкерчилик;

—   кызыкчылыктардын кагылышуусуна алып келген көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;

—  жүктөлгөн милдеттерди чечүү үчүн инновациялык (жаңычыл) ыкмаларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн издөө;

—   өзүнүн жана бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландаштыруу.

 

Көндүмдөр:

—   аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;

—   маалыматты талдоо, тутумдаштыруу жана жалпылоо;

—   ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

—   чыр-чатактуу кырдаалды жөнгө салуу;

— натыйжалуу мамилелерди түзүү, ишкердик этикеттин ыкмаларын өздөштүрүү, ишкердик кат алышуунун кеңешмелерин мамлекеттик жана расмий тилдерде жүргүзүү;

—   маалымат базалары менен иштөө;

—   презентацияларды даярдоо;

—   кызматтык убакытты сарамжалдуу пайдалануу;

—   компьютердик жана оргтехникага, керектүү программалык продуктуларга ээ болуу.

 

Тилдерди билүү:

— мамлекеттик жана расмий тилдерди мыкты билүү.

 

 Компьютерде иштей билүү

—  MS / Office;

—  электрондук почтаны башкаруу;

—  маалымат базалары менен иштөө көндүмдөрү.

 

 Жеке сапаттар

—  чынчылдык;

—  калыстык;

—  жоопкерчилик;

—  тартип;

—  тырышчаактык;

—  тактык;

—  демилге;

—  мотивация;

—  натыйжалуулук;

—  жүктөлгөн милдеттерди чечүүгө чыгармачыл мамиле кылуу;

—  кесиптик билимди жана көндүмдөрдү топтоого жана жаңыртууга умтулуу.

 

Конкурска катышуу үчүн керектүү документтер:

— өздүк арыз, кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча, 3х4 см фотосүрөт;

— жыйынтык;

— билими жөнүндө дипломдун көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);

— эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариалдык күбөлөндүрүлгөн);

— соттуулугу жоктугу тууралуу КР ИИМинен маалымкат;

— медициналык справка — форма 86-у;

— автобиография (өз колу менен);

— билими жөнүндө дипломдун көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);

— аскердик билеттин көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);

— окумуштуулук даражаны жана окумуштуулук наамды ыйгарууну, квалификациясын жогорулатууну ырастаган документтердин көчүрмөсү. (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);

— паспорттун же өздүгүн ырастоочу документтин көчүрмөсү (конкурска келгенде паспорттун же инсандыгын ырастоочу документтин түп нускасы).

 

Сынакка катышуу үчүн документтер 2024-жылдын 28-июнунан тартып 2024-жылдын 10-июлуна  чейин  Каракол шаары,  Түп  көчөсү, 1 дарегине  саат 17:00го чейин тапшырылышы керек. Тел:  (03922) 3-12-92; 0508 01-01-08