Кадастрдык баалоо системасын түзүүнүн биринчи этабы

  • Рубрика записи:Новости

2024-жылдын 17-декабрында Роскадастр (Россия Федерациясы) Кыргыз Республикасында мамлекеттик кадастрдык баалоо системасын түзүү үчүн зарыл болгон шарттарды изилдөөнүн биринчи этабын тартуулады.

Бул изилдөө Россия Федерациясынын Мамлекеттик каттоо, кадастр жана картография боюнча федералдык кызматы менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер агенттиктин ортосундагы Кыргыз Республикасына акысыз техникалык жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашуунун алкагында жүргүзүлдү.

Жүргүзүлгөн изилдөө кыймылсыз мүлккө мамлекеттик кадастрдык баа берүү менен байланышкан жер жана мүлк мамилелерин жөнгө салуунун учурдагы тутумунун оң жана көйгөйлүү аспектилерин аныктоого, ошондой эле бул тармакта мамлекеттик башкаруунун укуктук, маалыматтык жана методикалык абалын жакшыртуу боюнча негизги багыттарды белгилөөгө мүмкүндүк берди.