Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктигинин Айтматов филиалынын жер кадастры жана кадастрдык изилдөө боюнча адиси кызмат ордуна бош кызмат ордун ээлөөгө ачык конкурс жарыялайт.

  • Рубрика записи:Вакансии

Айтматов филиалынын  Жер кадастры жана каттоо бөлүмүнүн жер кадастры жана кадастрдык изилдөө боюнча адиси кызмат ордуна-2 бирдик

 

Айтматов филиалынын жер кадастры жана каттоо бөлүмүнүн  жер кадастры жана кадастрдык изилдөө боюнча адисине коюлуучу талаптар:

 

Квалификациялык талаптар:

 

Жерге жайгаштыруу жана кадастр боюнча жогорку билим; мүлктү башкаруу; архитектура жана курулуш;

 

-Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо жана кадастр системасында 1 жылдан кем эмес иш стажы, же тиешелүү кесиптик чөйрө 3-жылдан кем эмес иш стажы.

 

— мамлекеттик жана расмий тилди билүү.

 

— компьютердик  ишмердүүлүгү (Word.Exel. СЭД ж.б) ээ болуу.

 

— мамлекеттик кызматчы, кызматтык милдеттерин аткарууда,

аткарууга милдеттүү болгон ченемдик укуктук актыларды  билүү.

 

-Кыргыз Республикасынын Конститутциясы.

 

— “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конститутциялык мыйзамы;

 

— Кыргыз Республикасынын  Граждандык кодекси;

 

— Кыргыз Республикасынын  Жер кодекси;

 

— “Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө”, “Админстративдик иштин негиздери  жана административдик жол-жоболор жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө”.

 

-“Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү  мамлекеттик каттоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.

 

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15- февралындагы № 49 токтому менен бекитилген укуктарды жана оорчулуктарды (чектөөлөрдү), кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон  бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо эрежелери.

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын  3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген  Кыргыз Республикасындагы иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамалар;

-Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципиалдык кызмат боюнча кенештин 2016-жылдын 19- августундагы №43 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципиалдык кызматчыларынын этика кодекси;

 

Кызматтык милдеттери:

  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо;
  • Агенттиктин жана филиалдын ишине байланышкан талаш- тартыштарды кароодо белгиленген тартипте соттордо жана башка инстанцияларда филиалдын агенттиктин кызыкчылыктарын көрсөтүү жана когоо;
  • Филиалдын директоруна кол коюуга сунушталган мыйзамдардын, буйруктардын, тескемелердин, жоболордун долбоорлорунун жана юридикалык мүнөздөгү башка документтердин алардын келип түшүүсүнө жараша шайкештигин текшерүү. Эгерде келишпестиктер аныкталса, тиешелүү маселени мыйзамдуу түрдө чечүү боюнча сунуштарды киргизүү:
  • Кесиптик этиканын нормаларын сактоо;
  • Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттикте жана филиалда белгиленген ички эмгек тартибин,кызматтык нускамаларды, кызматтык маалымат менен иштөө жана кызматтык өз ара аракеттенүү тартибин сактоо;
  • Кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон квалификациянын денгээлин сактоо;
  • Жетекчиге баш ийүү тартибинде жогору тургандардын буйруктарын жана көрсөтмөлөрүн өз убагында жана сапаттуу аткаруу;
  • Мамлекеттик каттоо маселелери боюнча жеке жана юридикалык жактардын даттанууларын, суроо-талаптарын жана сунуштарын кароо;
  • Филиалдын жетекчилигинин башка кызматтык милдеттерин жана көрсөтмөлөрүн аткаруу;

Конкурска катышуу үчүн керектүү документтер:

  • Өздүк арыз, кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча, 3*4см фото сүрөт.
  • Жыйынтык;
  • Билими жөнүндө дипломдун көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);
  • Соттуулугу жоктугу тууралуу КР ИИМ инен маалымкат;
  • Медициналык справка-форма 86-у;
  • Автобиография (өз колу менен);
  • Билими жөнүндө дипломдун көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);
  • Аскердик билеттин көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);
  • Окумуштуулук даражаны жана окумуштуулук наамды ыйгарууну, квалификациясын жогорулатууну ырастаган документтердин көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);
  • Паспорттун же өздүгүн ырастоочу документтин көчүрмөсү ( конкурска келгенде паспорттун же инсандыгын ырастоочу документтин түп нускасы).

 

Документтерди 2026-жылдын  12-март саат 12:00го чейин кабыл алынат.

            Байланыш тел:  0 312 29-64-07  моб: 0703271086