Бишкек жана Ош шаарларындагы турак үйлөрдүн жана батирлердин 2025-жылдагы орточо баалары

Бишкек жана Ош шаарларындагы турак үйлөрдүн жана батирлердин 2025-жылдагы орточо баалары

Бишкек шаарындагы батирлердин чарчы метринин 2025-жылдагы орточо баалары өткөн жылга салыштырмалуу жогорулаганы байкалды (1-сүр.). 104-сериядагы батирлердин чарчы метринин орточо баалары 2024-жылга салыштырмалуу 17,4 пайызга, 308-сериядагы батирлер 17,7 пайызга жана   105-сериядагы батирлер 18,9 пайызга, ал эми жеке типтеги батирлер 21,7 пайызга жогорулаган.

 

1 — сүр. Бишкек шаарындагы типтүү сериядагы батирлердин чарчы метринин орточо баалары (долл./чарчы метр).

2 — сүр. Ош шаарындагы типтүү сериядагы батирлердин чарчы метринин орточо баалары (долл./чарчы метр).

Ош шаарында 104-сериядагы батирлердин чарчы метринин орточо баалары         2024-жылга салыштырмалуу 26,9 пайызга, 105-сериядагы батирлер 24,4 пайызга, ал эми жеке типтеги батирлер 11,6 пайызга жогорулаган (2-сүр.).

Жалпысынан алганда 2025-жылдын башынан баштап Бишкек шаарындагы батирлердин орточо баалары үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында кескин түрдө өскөн (3-сүр.). Ал эми экинчи жана үчүнчү кварталдын биринчи эки айларында батирлердин чарчы метринин орточо баалары бир калыпта турган. Баалардын кескин түрдө жогорулашы сентябрь айына туура келет. Ал эми октябрь айында сентябрь айына салыштырмалуу баалар кайрадан төмөндөп, жылдын аягында кайрадан сентябрь айынын көрсөткөчүнө жеткен.

3-сүр. 2025-жылдагы Бишкек шаарындагы батирлердин чарчы метринин орточо баалары (долл./чарчы метр).

4-сүр. 2025-жылдагы Ош шаарындагы батирлердин чарчы метринин орточо баалары (долл./чарчы метр).

Ушундай эле көрүнүш Ош шаарындагы батирлерге тиешелүү (4-сүр.). Бирок, Бишкек шаарындагы батирлерден айырмаланып, Ош шаарында батирлердин чарчы метринин ороточо баалары үстүбүздөгү жылдын экинчи кварталынын үчүнчү декадасынан баштап жогорулаган. Баалар октябрь айына чейин өскөн. Ноябрь айында октябрь айына салыштырмалуу баалар 1,24 пайызга төмөндөп, декабрь айында кайрадан жогорулаган.

Бишкек шаарында турак үйлөрдүн чарчы метринин орточо баалары 2025-жылы  өткөн жылга салыштырмалуу 26,8 пайызга өскөн (5-сүр.).

5-сүр.2025-жылдагы Бишкек шаарындагы турак үйлөрдүн чарчы метринин орточо баалары (долл./чарчы метр).

Бишкек шаарында 2025-жылы турак үйлөрдүн баалары 2024-жылга караганда кескин жогорулап (апрель, июнь, август, октябрь, ноябрь айлары), төмөндөп (февраль, май, июль, сентябрь айлары) турганы байкалды – таблица 1.

Таблица 1. Бишкек шаарынын райондорундагы турак үйлөрдүн чарчы метринин баалары (долл./чарчы метр).

Райондор 2024-жыл 2025-жыл
Ленин 1405 1867
1 — Май 1192 1575
Свердлов 1358 1862
Октябрь 1638 1767

Турак үйлөрдүн баалары Бишкек шаарынын Свердлов районунда 37,11 пайызга өсүп, шаар боюнча максималдуу болгон (таблица). Ал эми баалардын минималдуу өсүүсү Октябрь районунда жайгашкан турак үйлөргө тиешелүү (баалар 7,88 пайызга жогорулаган).

Таблица 2. Ош шаарындагы турак үйлөрдүн чарчы метринин орточо баалары (долл./чарчы метр).

2024-жыл 2025-жыл
Ош шаары 945 1295

Ош шаарында 2025-жылы турак үйлөрдүн баалары 2024-жылга караганда кескин жогорулап, 37,04 пайызга өскөн (таблица 2).

Турак жайлардын бааларынын өсүшү инфляциянын көрсөткөчүнөн бир кыйла жогору экени таризделди. Жылдык эсеп менен алганда инфляциянын орточо деңгээли 2025-жылы 9,2 процентке жетти[1].

 

 

Кыймылсыз мүлктүн баасынын өсүү темпин талдоо рыноктун абалын түшүнүү үчүн маанилүү болуп эсептелет.

Базалык мезгилдеги көрсөткүч катары январь айындагы  батирлердин бааларын алдык.

6-сүр. 2024-2025-жылдардагы Бишкек шаарындагы батирлердин орточо бааларынын темпинин өзгөрүшү.

2024-2025-жылдардагы Бишкек шаарындагы батирлердин орточо бааларынын темпинин өзгөрүшүнүн абалы бирдей экени көрүнүп турат (6-сүр.). 2024-жылгы салыштырмалуу 2025-жылдын башына караганда баалардын көрсөткүчүнүн темпи ноябрь-декабрь айларында басаңдап, бирок уланууда.

7-сүр. 2024-2025-жылдардагы Бишкек шаарындагы турак үйлөрдүн орточо бааларынын темпинин өзгөрүшү.

2024-2025-жылдардагы Бишкек шаарындагы турак үйлөрдүн орточо бааларынын темпинин өзгөрүшүнүн абалы ар башка. 2024-жылы жылдын башындагы баалардын өсүшүнүн көрсөткүчү жылдын аягындагы баалардын өсүшү менен барабар болсо, 2025-жылы тескерисинче баалардын жыл башындагы жана жыл аягындагы темпинин өзгөрүшү терс көрсөткүчтөр менен аяктаган (7-сүр.).

2025-жылы Ош шаарындагы турак үйлөрдүн орточо бааларынын темпи 2024-жылга салыштырмалуу кескин түрдө өзгөрүп турган. Ɵзгөчө март жана июль айындагы баалардын өсүшүнүн көрсөткүчү жылдын аягындагы баалардын өсүшүнөн бир кыйла жогору болгон (8-сүр.).

8-сүр. 2024-2025-жылдардагы Ош шаарындагы турак үйлөрдүн орточо бааларынын темпинин өзгөрүшү.

Батирлердин кымбаттаганына карабастан Бишкек шаарында суроо-талап алсырай баштады. Акыркы 5-жылда (2021-2025-жылдар) батирлерди сатып алуу-сатуу келишимдеринин саны төмөндөгөнү байкалды (9-сүр.). Ошол эле учурда Ош шаарында батирлер жана турак үйлөр рыногунун активдүүлүгү күчөдү (10-сүр.). 2025-жылы батирлерди сатып алуу-сатуу келишимдеринин саны 2024-жылга салыштырмалуу 48,18 пайызга, ал эми  турак үйлөр менен болгон келишимдердин саны 37,63 пайызга өскөн (2024-жылы 465 келишим болсо, 2025-жылы – 640 келишим).

9-сүр.

10-сүр.

Кыймылсыз мүлк рыногу инерттүү болгондуктан  айдан айга кескин өзгөрүү менен мүнөздөлбөйт. Себеби, ал эң баалуу буюм болгондуктан аны сатып алуу же сатуу чечими көп убакытты жана көптөгөн жеке жагдайларды эске алууну талап кылат. Ошол себептен, баалардын кескин өсүп, төмөндөп турушу локалдуу жана глобалдуу факторлордун таасири деп түшүнсөк болот.

Локалдуу факторлор болуп, кыймылсыз мүлктүн жайгашкан жери, ремонттун сапаты, ашкананын аянты, дубалдын материалы жана батир жайгашкан этаж саналат.

Глобалдуу факторлорго  шаардагы экономиканын жана бизнестин өнүгүү деңгээли, калктын кирешесинин деңгээли жана жалпысынан тигил же бул шаардагы жашоо деңгээли сыяктуу макроэкономикалык параметрлер кирет.

2026-жылга болгон кыймылсыз мүлктөрдүн бааларын так болжолдоо мүмкүн эмес. Жогоруда айткандай, ал инерттүү болгондуктан, 2026-жылдын биринчи кварталында баалардын көрсөткүчү 2025-жылдын көрсөткүчүнөн өтө төмөн болбойт.

2025-жылы Бишкек шаарында 2024-жылга салыштырмалуу батирлерди сатып алуу-сатуу келишимдеринин саны 2,7 эле пайызга жогоруласа (2024-жылы 12186 келишим болсо, 2025-жылы – 12512 келишим), турак үйлөргө болгон суроо-талаптар 23,94 пайызга жогорулаган (2024-жылы 3483 келишим болсо, 2025-жылы –4317 келишим).

Турак үйлөргө болгон суроо-талаптардын жогорулашы курулуш компаниялары тараптан турак жай жайгашкан жер тилкелерин көп кабаттуу имараттарды куруу үчүн сатып алуулары себеп болууда.

 

 

[1] https://24.kg/economika