Бишкек шаарындагы турак үйлөрдүн жана батирлердин 2025-жылдын 10-айындагы орточо баалары

 

Бишкек шаарындагы турак үйлөрдүн жана батирлердин 2025-жылдын 10-айындагы орточо баалары

Бишкек шаарындагы турак үйлөрдүн жана батирлердин 2025-жылдын 10-айындагы орточо баалары акыркы беш жылга салыштырмалуу жогорулаганы байкалды (таблица 1 жана таблица 2).

Таблица 1. Турак үйлөрдүн баалары, миң сом
2020 2021 2022 2023 2024 10-ай 2025
Ленин району 5562 6630 7385 9898 12671 16754
1-Май району 4325 4840 5561 6717 9048 11726
Свердлов району 3735 4654 4953 6582 8955 11938
Октябрь району 7781 9826 10885 14534 18943 24084
Орточо баа, миң сом 5351 6488 7196 9433 12404 16126
Өсүү, % 301,4 248,6 224,1 171,0 130,0
Таблица 2. Батирлердин баалары, миң сом
2020 2021 2022 2023 2024 10-ай 2025
Ленин району 3161 3452 3847 4567 5472 6603
1-Май району 3344 3588 3837 4947 5940 6714
Свердлов району 3244 3375 3872 4748 5368 7006
Октябрь району 3438 3433 3905 4901 5727 6858
Орточо баа, миң сом 3297 3462 3865 4791 5627 6795
Өсүү,% 206,1 196,3 175,8 141,8 120,8

 

Баалардын өсүшү инфляциянын көрсөткөчүнөн жогору. Инфляциянын орточо жылдык деңгээли (2025-жылдын январь-октябрь айлары 2024-жылдын январь-октябрына карата) 108,0 %ды түздү[1]. Ал эми турак үйлөрдүн жана батирлердин орточо баалары 20-30 пайызга өскөн. Өзгөчө турак үйлөрдүн баалары шаардын Ленин жана Свердлов райондорунда, ал эми батирлердин баалары Свердлов районунда кескин өскөн.

Баалардын өсүшүнүн негизги факторлору болуп, турак үйлөргө суроо-талаптардын, ички миграциянын, курулуш материалдарынын бааларынын өсүшү эсептелет.

 

[1] https://mineconom.gov.kg/ky/post/11307