Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине карштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Бишкек  филиалы бош кызмат ордун ээлөө конкурсун жарыялайт

  • Рубрика записи:Вакансии

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине карштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Бишкек  филиалы бош кызмат ордун ээлөө конкурсун жарыялайт

жер кадастры жана техникалык изилдөө бөлүмүнүн адиси, 15 штаттык бирдик

Квалификациялык талаптар:

  1. Багыттары боюнча жогорку же кесиптик орто билими болууга тийиш: жерге жайгаштыруу жана жер кадастры, геодезия жана картография, архитектруа жана шаар куруу, юриспруденция, агроном, гидромелиорация, мүлктү баалоо жана башкаруу.
  2. Мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүсү зарыл;
  3. Компьютерде MS/Office; электрондук почтаны колдонуу, ГИС тиркемелери менен иштөө тажрыйбасы(QGIS, ArsGIS? Geoserver ж.б.)
  4. GPS, GNSS кабылдагычтары менен иштөө тажрыйбасы
  5. Геодезиялык координаттар системасын билүүсү
  6. Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Жарандык кодекси, Кыргыз Республикасынын Этика кодекси, Кыргыз Республикасынын Жер кодекси жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик-укуктук актылары, Кыймылсыз мүлккө укутарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик катто жөнүндөгү мыйзамды билүүсү зарыл.

Кызматтык милдеттери:

-жер фондунун болушу жана бөлүштүрүлүшү жөнүндө жылдык отчетторду түзүү;

-кадастрдык жер маалыматтарынын алгачкы маалыматтарын чогултуу, иштеп чыгуу, сактоо жана берүү;

-Бишкек шаарынын чек араларды аныктоо, административдик-аймактык бөлүштүрүү боюнча иштерге катышуу;

-жер ээлеринин кадастрдык жана башка маалыматтарга жетүүсүн камсыз кылуу;

-жер мамилелерин маселелери боюнча жарандардын көрсөтмөлөрүн жана даттанууларын кароо жана алар боюнча тиешелүү чараларды көрүү;

-пландаштырылган иштерди өз убагында жана сапаттуу аткаруу;

-иш жүргүзүү мезгилинде архивдик документтердин сакталышын контролдоо;

-чек аралар жөнүндө керектүү маалыматтарды тандоо

Конкурска катышуу үчүн керектүү документтер: *

-жеке арыз, кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча,

-3 х 4 см сүрөт; * жыйынтык; *

-билими тууралуу дипломдун көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн); *

-эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн); *

-КРнын ИИМинен соттолбогондугу тууралуу маалым кат; *

-автобиография (кол менен); *

-паспорттун көчүрмөсү (паспорттун түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт); *

-аскердик даража жана аскердик наам ыйгаруу, квалификациясын жогорулатуу тууралуу документтердин көчүрмөлөрү. *

-Медициналык справка — форма 86-у

Сынакка катышуу үчүн документтерди 2025-жылдын 6-ноябрынан баштап 19-ноябрына  чейин (кошо алганда) Бишкек ш., Эркиндик пр. 57, кабинет 314, тел. 62-03-46 дареги боюнча тапшыруу керек.