Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Каракол-Аксуу филиалы кадастрдык картография боюнча адис -1 бирдик бош кызмат ордун ээлөөгө ачык сынак жарыялайт.
Кадастрдык картогафия боюнча адиси – 1 (бир) бирдик.
Кесиптик билим деңгээли: Багыттары боюнча жогорку билими: жерге жайгаштыруу жана кадастрлар, архитектура жана шаар куруу, геодезия жана картография, агроном, гидромелиорация.
Иш тажрыйбасы жана эмгек стажы: талап кылынбайт.
Кесиптик компетенттүүлүгү:
— ГИС тиркемелери менен иштөө тажрыйбасы (QGIS, ArcGIS, Geoserver ж.б.)
— GPS, GNSS кабылдагычтары менен иштөө тажрыйбасы;
— геодезиялык координаттар системасын билүүсү;
— кыймылсыз мүлккө дарек жана идентифкациялык код ыйгаруу принциптерин билүүсү;
— индекстелген каттоо карталарын жүргүзүү принциптерин билүүсү;
— картографиялык материалдарды, ортофотопландарды колдонуу жана географиялык координаттарга байлоо жана санариптештирүү иштерин жүргүзүү тажрыйбасы.
Билүүсү зарыл:
- Мамлекеттик жана расмий тилдерди;
- Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
- “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз
Республикасынын конституциялык Мыйзамын;
— Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө конституциялык Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын Этика кодексин;
- Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”, “Улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускаманы;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 760 “Жеке маалыматтарды маалымат тутумдарында иштетүү учурунда аткарылышы жеке маалыматтардын корголушун белгиленген деңгээлде камсыз кылуучу, жеке маалыматтардын коопсуздугун камсыз кылууга жана коргоого талаптарды бекитүү жөнүндө” токтому;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-майындагы № 255 токтому менен бекитилген Кызматтык пайдалануу үчүн маалыматтарды камтыган документтер менен иштөө тартиби жөнүндө жобону; |
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-февралындагы №53 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жобону;
- Филиал жөнүндө жобону
— Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексин,
— Кыргыз республикасынын Жер кодексин;
— “Кыймылсыз мүлккө укуктарды, укуктарга чектөөлөрдү жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо жөнүндө”, “Геодезия жана картография жөнүндө”, “Электрондук башкаруу жөнүндө”, “Жеке мүнөздөгү маалыматтар жөнүндө”, “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы № 49 токтому менен бекитилген Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана укуктардын чектөөлөрүн жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо эрежелерин;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтунүн 2019-жылдын 9-октябрындагы №535 токтому менен бекитилген “Мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү тартиби жөнүндө” жобону;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-октябрындагы №610 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында даректи ыйгаруу жана Даректүү каттоону жүргүзүү тартиби жөнүндө” жобону;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 8-декабрындагы №311 токтому менен бекитилген “Жер участогуна укутарды күбөлөндүрүүчү документтерди тариздөөнүн жана берүүнүн тартиби жөнүндө” жобону;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-ноябрындагы №301 токтому менен бекитилген “ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин жергиликтүү каттоо органдары тарабынан жана Кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү маалыматтык системасынан кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматтарды берүү тартиби тууралуу” жобону.
Компьютерде иштей билүү:
– MS / Office;
– электрондук почтаны башкаруу, интернет тутуму менен иштөө;
– СЭД жана башка маалымат базалары менен иштөө чеберчилиги.
Конкурска катышуу үчүн керектүү документтер:
- өздүк арызы, кадрларды эсепке алуу баракчасы, сүрөт 3 х4 см;
- резюме;
- билими тууралуу дипломдун көчүрмөсү (нотариалдык күбөлөндүрүлгөн);
- эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинен соттолбогондугу жөнүндө маалымкат;
- автобиографию (кол менен);
- паспорттун же өздүгүн тастыктоочу документтин көчүрмөсү (паспорттун же өздүгүн тастыктаган документтин түп нускасы сынакка келгенде көрсөтүлүшү керек); аскердик билеттин көчүрмөсү.
- илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу, квалификациясын жогорулатуу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү.
Папкага салынган документтер 2025-жылдын 23—октябрынан баштап 2025-жылдын 14—ноябрына чейин саат 17:30га чейин Каракол шаары Тюпская №1 дарегине тапшырылат. Тел. 03922 3-12-92, 0508010108
Квалификациялык талаптарга жооп берген талапкерлер тестирлөөгө чакырылат. Сынактын датасы, убактысы жана орду кошумча жарыяланат.