Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине карштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Бишкек филиалыбош кызмат ордун ээлөө конкурсун жарыялайт

  • Рубрика записи:Вакансии

каттоо жана маалымат берүү бөлүмүнүн кыймылсыз мүлккү укуктарды жана чектөөлөрдү мамлекеттик каттоо боюнча адиси – 2 штаттык бирдик

Квалификациялык талаптар:

  1. Багыттары боюнча жогорку билими:жерге жайгаштыруу жана кадастр, юриспруденция, мүлктү баалоо жана башкаруу. Жерге жайгаштыруу жана жер кадастры, кыймылсыз мүлккө укутарды каттоо тутумунда иш тажрыйбасы 1 жылдан кем эмес, же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес.
  2. Мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүсү зарыл;
  3. КомпьютердеMS/Office;электрондукпочтаныколдонуу,маалымат базасы менен иштөө көндүмдөрү; АМТ «Infodocs», ArsGIS,AutoCADиштей билүүсү керек.
  4. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын; Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын; Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө конституциялык Мыйзамын; Кыргыз Республикасынын Граждандык жана Турак жай кодексин; Кыргыз Республикасынын Жер кодексин; Кыргыз Республикасынын Этика кодексин

Кызматтык милдеттери:

-Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо;

-Кыргыз Республикасынынжогоруда көрсөтүлгөн ченемдик укуктук актылары менен жергиликтүү катто органынын ишмердигин жөнгө салган ченемдик укуктук актылардын талаптарына жараша ишмердигин уюштуруу;

-жер кадастры, жерге жайгаштыруу маселелерин жөнгө салган ченемдик укуктук актылардын талаптарынын бирдей аткарылышын жана жүктөлгөн функциялык милдеттерин тийиштүү түрдө аткарылышы;

-жарандар менен юридикалык жактардын жерге жайгаштыруу, жер мамилелери боюнча даттануу жана арыздарынын каралып чыгуусун камсыздоо;

-өз ыйгарым укуктарынын чегинде жарандардын жана уюмдардын кайрылууларын кароо жана консультация берүү;

-кыймылсыз мүлктүн бирдигинин маалыматбазасына техникалык параметрлердин толук жана туура киргизилишин камсыздоо;

-кыймылсыз  мүлккө катталган укук жана чектөөлөр жөнүндө маалыматтын белгиленген мөөнөттө даярдалышы менен тартууланышын камсыздоо;

-укук жана чектөөнү каттоо, катталган укук жана чектөө жөнүндө маалымат даярдоо маселелеринде консультативдик жана методологиялык жардам көрсөтүү;

-укук, чектөө, маалымат берүү арыздарынын, бөлүмгө келип түшкөн даттануу, сот актыларды. Укук коргоо жана тергөө органдарынын токтомдорун, корресподенциянын адилеттүү кароосун камсыздоо;

-жарандар менен юридикалык жактардын кат, арыз жана даттанууларына жооптордун өз убагында жана сапаттуу даярдалышын белгиленген тартипте камсыздоо;

-кыймылсызмүлк боюнча талаш чечүү комиссияларынын жумушуна белгиленген тартипке катышат, комиссиялар үчүн тиешелүү маалыматты даярдоо;

-Кыргыз Республикасынын кыймылсыз мүлк боюнча укук мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндө ченемдик-укуктук актыларды дайыма изилдейт жана каттоочулардын эске алуусу үчүн мыйзам базасынын өзгөртүү/толуктоолору жөнүндө маалыматты жеткирүү;

-аткарылган каттоо жана маалымат берүү жумуштарынын көлөмүн ай сайын эсепке алуу жана отчеттуулукту уюштуруу;

-функциялык милдеттеринин тийиштүү түрдө аткарылышына, ошондой эле эмгек жана өндуруш тартибинин сакталышын жүргүзүү;

-“Инфодокс” ЭДЖ системасы менен толук кандуу иштешин камсыздоо

Конкурска катышуу үчүн керектүү документтер: *

-жеке арыз, кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча,

-3 х 4 см сүрөт; * жыйынтык; *

-билими тууралуу дипломдун көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн); *

-эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн); *

-КРнын ИИМинен соттолбогондугу тууралуу маалым кат; *

-автобиография (кол менен); *

-паспорттун көчүрмөсү (паспорттун түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт); *

-аскердик даража жана аскердик наам ыйгаруу, квалификациясын жогорулатуу тууралуу документтердин көчүрмөлөрү. *

-Медициналык справка — форма 86-у

Сынакка катышуу үчүн документтерди 2025-жылдын 26-августуна чейин (кошо алганда) Бишкек ш., Эркиндик пр. 57, кабинет 314, дареги боюнча тапшыруу керек. Тел.62-03-46