Бүгүн, 2-июнда Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агентигинин кызматкерлери Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, кесиптик ишиндеги жетишкендиктери үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясынын күнүн майрамдоого байланыштуу Министрлер Кабинетинин ардак грамотасы менен сыйланды.
КР Министрлер Кабинетинин ардак грамотасы менен сыйланган кызматкерлер:
Абдиев Алмаз Сапарович — КР Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин санариптик трансформация башкармалыгынын башчысынын орун басары
Мусаев Бакыт Бокенович – КР Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Ысык-Көл филиалынын директору
Осмонов Алманбек Эрмаматович — КР Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Аламүдүн филиалынын директору