Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине карштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Жайыл филиалы бош кызмат ордун ээлөө конкурсун жарыялайт

• Жазуу жарыяланды: 07.04.2026
• Жазуу бөлүмү: Бош орундар

Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана чектөөлөрдү мамлекеттик каттоо боюнча адиси, 2 штаттык бирдик

Кызматтык милдеттери:
— кыймылсыз мүлккө укуктарды жана укуктарга чектөөлөрдү, ошондой эле аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоону ишке ашыруу үчүн берилген документтерди белгиленген тартипте кабыл алат;
— каттоо иш-аракеттерин каттоо, токтото туруу же аткаруудан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат;
— кыймылсыз мүлккө укуктардын келип чыгышын, өтүшүн, токтотулушун, ошондой эле чектөөлөрдүн (оорчулуктардын) мамлекеттик каттоосун жүргүзөт;
— кыймылсыз мүлк бирдигине чектөөлөрдүн болушун же жоктугун текшерет;
— ыйгарым укуктуу органдар тарабынан коюлган чектөөлөрдүн (санкциялык тизмелер, алдын алуучу чаралар, камакка алуу, каттоо иш-аракеттерин жүзөгө ашырууга тыюу салуу ж.б.) жоктугуна карата укукту каттоого арыз берген адамдын жеке маалыматтарын текшерет;
— кыймылсыз мүлк бирдигинин каттоо карточкасына жана башка документтерине кыймылсыз мүлккө укуктардын пайда болушу, өтүшү, токтотулушу жөнүндө жазууларды киргизет;
— каттоо делолоруна, анын ичинде электрондук архивге документтерди киргизет, каттоо делосунда камтылган документтердин тизмесине жазууларды киргизет;
— кыймылсыз мүлккө укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестриндеги маалыматтарды жана документтерди белгиленген тартипте берет.

— кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоодо кетирилген каталарды мыйзамдарда белгиленген тартипте оңдойт;
— каттоо иш-аракеттерин жүргүзүү үчүн зарыл болгон маалыматтарды жана документтерди жеке жана юридикалык жактардан белгиленген тартипте талап кылат;
— мыйзамдарда белгиленген учурларда жана тартипте кыймылсыз мүлктүн мүнөздөмөлөрүн текшерүүнү, мамлекеттик каттоону жүзөгө ашыруу үчүн берилген документтердин аныктыгын экспертизалоону жана кыймылсыз мүлктү техникалык текшерүүнү дайындайт;
— кыймылсыз мүлк менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо үчүн негиз болуп саналган документтерди текшерет жана күбөлөндүрөт;
— кыймылсыз мүлккө укуктарды, чектөөлөрдү (оорчулуктарды) мамлекеттик каттоону күбөлөндүрөт;
— каттоо иш-аракеттерин жүргүзүү маселелери боюнча түшүндүрмөлөрдү жана консультацияларды берет;
— ай сайын укуктарды жана укуктарга чектөөлөрдү каттоонун көлөмү жөнүндө отчетторду жана кыймылсыз мүлккө катталган укуктар жана чектөөлөр жөнүндө берилген маалыматтарды иштеп чыгат;
— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактайт;
— Агенттик филиалынын ишине тиешелүү талаш-тартыштарды кароодо соттук жана башка инстанцияларда Агенттик филиалынын кызыкчылыктарын белгиленген тартипте көрсөтөт жана коргойт;
— Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинде, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинде, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинде, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинде жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында аныкталган тартипте өзү даярдаган жана бөлүмдүн башчысы жана Агенттиктин филиалынын жетекчилиги менен макулдашылган доо арыздарды, дооматтарды, доолорго каршы пикирлерди, сот актыларына даттанууларды сот органдарына берет;
— филиалдын директоруна кол коюуга берилген буйруктардын, нускамалардын, жоболордун жана укуктук мүнөздөгү башка документтердин долбоорлорунун мыйзамдарга ылайык келишин текшерет. Ылайык келбегендиги аныкталса, тиешелүү маселени мыйзамдуу чечүү боюнча сунуш киргизет.

— кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон квалификациянын деңгээлин сактайт.

Жер кадастры жана техникалык изилдөө бөлүмүнүн адиси, 3 штаттык бирдик

Квалификациялык талаптар:

  1. Багыттары боюнча жогорку же кесиптик орто билими болууга тийиш: жерге жайгаштыруу жана жер кадастры, геодезия жана картография, архитектура жана шаар куруу, юриспруденция, агрономия, гидромелиорация, мүлктү баалоо жана башкаруу.
  2. Мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүсү зарыл;
  3. Компьютерде иштей билүүсү: MS/Office, электрондук почтаны колдонуу, ГИС тиркемелери менен иштөө тажрыйбасы (QGIS, ArcGIS, GeoServer ж.б.);
  4. GPS, GNSS кабылдагычтары менен иштөө тажрыйбасы;
  5. Геодезиялык координаттар системасын билүүсү;
  6. Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Жарандык кодексин, Кыргыз Республикасынын Этика кодексин, Кыргыз Республикасынын Жер кодексин жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле “Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо жөнүндө” мыйзамды билүүсү зарыл.

Кызматтык милдеттери:

  • жер фондунун болушу жана бөлүштүрүлүшү жөнүндө жылдык отчетторду түзүү;
  • кадастрдык жер маалыматтарынын алгачкы маалыматтарын чогултуу, иштеп чыгуу, сактоо жана берүү;
  • Бишкек шаарынын чек араларын аныктоо жана административдик-аймактык бөлүштүрүү боюнча иштерге катышуу;
  • жер ээлеринин кадастрдык жана башка маалыматтарга жетүүсүн камсыз кылуу;
  • жер мамилелери маселелери боюнча жарандардын кайрылууларын жана даттанууларын кароо жана алар боюнча тиешелүү чараларды көрүү;
  • пландаштырылган иштерди өз убагында жана сапаттуу аткаруу;
  • иш жүргүзүү мезгилинде архивдик документтердин сакталышын контролдоо;
  • чек аралар жөнүндө керектүү маалыматтарды тандоо.

Конкурска катышуу үчүн керектүү документтер:

  • жеке арыз;
  • кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча;
  • 3×4 см өлчөмүндөгү сүрөт;
  • билими тууралуу дипломдун көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);
  • эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);
  • Кыргыз Республикасынын ИИМинен соттолбогондугу тууралуу маалым кат;
  • автобиография (кол менен жазылган);
  • паспорттун көчүрмөсү (паспорттун түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт);
  • аскердик даража жана аскердик наам ыйгаруу, квалификациясын жогорулатуу тууралуу документтердин көчүрмөлөрү;
  • медициналык справка (форма № 086-у).

Сынакка катышуу үчүн документтер 2026-жылдын 6-апрелинен баштап 17-апрелин кошо алганда кабыл алынат.

Дарек: Жайыл району, Кара-Балта шаары, Ленин көчөсү 1 дареги боюнча тапшыруу керек.