Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттктин Кара-Суу филиалы жер кадастры бөлүмүнө жер кадастры жана кадастрдык изилдөө боюнча адис ваканттык 2(эки) жумуш ордуна конкурс жарыялайт

Жер кадастры жан кадастрдык изилдөө алуу боюнча адис кызматын ээлөө үчүн төмөнкү квалификациялык талаптар коюлат:
Кесиптик билимдин деңгээли:
багыттары боюнча жогорку жана атайын орто билими: юриспруденция, геодезия жана картография, жерге жайгаштыруу жана кадастр, архитектура жана шаар куруу, агрономия, гидромелиорация, мүлктү балоо жана башкаруу
Иш стажы жана эмгек стажы:
Стажы талап кылынбайт
Кесиптик компететтүүлүк:
Билүүсү зарыл:
— Мамлекеттик жана расмий тилдерди;
— Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
— “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз
Республикасынын Конституциялык мыйзамын;
-Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексин;
-Кыргыз Республикасын Жер кодексин;
2001-жылдын 11-январындагы № 4”Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамын;
“Жайыттар жөнүндө” Кыргыз Республикасыны мыйзамын;
-Жер участогуна укуктарды күбөлөндүрүүчу документтерди тариздъөө жана берүүнү тартиби жөнүндө” 2010-жылдын 8-декабрындагы КРӨ №311-токтомун;
-Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттктин 2025-жылдын 6-октябрындагы №10-1/268 буйругу менен бекитилген” Кыймылсыз мүлк бирдигин мамлекеттик каттоо , чектөө жана аны менен болгон келишимдерди каттоо жөнүндө” Жобону;
-“Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө” КР мыйзамын;
-“Коррупцияга каршы арекеттенүү жөнүндө ” КР мыйзамын;
“Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамын;
-“Жарандардын кайрылууларын кароо” жөнүндө КР мыйзамын;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы
№ 120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча Типтүү нускамасын”;
— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын
12-февралындагы № 53 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттктин” Жобону;
-Кыргыз Республикасынын этика кодексин;
-Жеке маалыматтар жөнүнда мыйзамын
Көндүмдөр:
— Ишмердүүлүктүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана
стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;
— Талдоо, болжолдоо, жалпылоо мониторинг жүргүзүү;
— Тезинен чечим кабыл алуу жана алардын кесепеттери үчүн
жоопкерчилик;
— Кызыкчылыктардын кагылышуусуна алып келген көйгөйлүү
кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;
— Көйгөйлөрдү чечүү үчүн инновациялык ыкмаларды колдонуу
мүмкүнчүлүктөрүн табуу;
— Көзөмөлдөнгөн багытты натыйжалуу пландаштыруу.
Жөндөмдүүлүк:
— Маалыматты талдоо, тутумдаштыруу жана жалпылоо;
— Ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды иш жүзүндө
колдонуу;
— Чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу;
— Натыйжалуу мамилерди түзүү;
— Маалымат базалары менен иштөө;
— Иш убактысын сарамжалдуу пайдалануу;
— Компьютердик жана оргтехникага керектүү программалык өнүмдөргө ээ
болуу.
Жоюлган жана же жоюлбаган соттуулугу бар, жазык куугунтугу уланып жаткан жана же токтотулган жана же шектенүүсү бар адамдар жер кадастры жана кадастрдык изилдөө боюнча адис кызмат ордуна дайындалышы мүмкүн эмес.

Сынакка катышуу үчүн төмөнкүлөрдү тапшыруу керек:
— жеке арыз, жеке курамдын өздүк иши, резюме, өмүр баяны (маалымат- соттуулугу бар же жок экендигин көрсөтүү менен); мед. справка №086; 3×4 сүрөт — 3 даана;
— паспорттун же ким экендигин тастыктаган документтин көчүрмөсү (паспорттун же инсандыгын ырастоочу документтин түп нускасы сынакка келгенден кийин көрсөтүлөт);
— кесиптик билимин, иш тажрыйбасын жана квалификациясын тастыктаган зарыл документтер (эмгек китепчесинин көчүрмөсү, билими жөнүндө, квалификациясын жогорулатуу жөнүндө, илимий даража жана илимий наам берүү жөнүндө, нотариус же персонал менен иштөө башкармалыгы тарабынан күбөлөндүрүлгөн документтердин көчүрмөлөрү) иштеген жериндеги кызматтар.
Сынакка катышуу үчүн документтер 2026-жылдын 26-февралынан 11-мартынан кошо алуу менен Кара-Суу шаарынын Культурная көчөсү 29 а, кадр иштери боюнча жетектөөчү адис А.К.Дунгуевдин жумушчу бөлмөсүнө саат 17: 00гө чейин, тапшырылышы керек.