Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Жети-Өгүз филиалы ваканттык бош кызмат орундарына ачык конкурс жарыялайт.

  • Рубрика записи:Вакансии

Жети-Өгүз филиалынын жер кадастры жана каттоо бөлүмүнө (жер кадастры жана кадастрдык изилдөө боюнча) адис (1 бирдик) бош кызмат ордуна – 1 орун.

Кесиптик билим деңгээли:

— Жогорку билим (юриспруденция, маалыматтык-компьютердик технологиялар багыты, жаратылышты пайдалануу, экология жана тоо-кен иши).

Төмөнкүлөрдү билүү:

  • Кыргыз Республикасынын Жер кодекси;

  • Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси;

  • Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдары боюнча укук ченемдик актылар.

Билгичтиги:

  • Жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

  • Документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

  • Тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;

  • Кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;

  • Жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

Командада иштөө:

  • Жер кадастры жана картографиялык талдоо иштерин жүргүзө билүү;

  • Картографиялык шарттуу белгилерди жана карта менен иштөөнү билүү.

Көндүмдөрү:

  • Мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

  • Ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

  • Маалымат базасында иштей билүү;

  • Жумуш убактысын үнөмдүү пайдалануу;

  • Компьютерде иштей билүү (MS Windows, MS Office, Internet, электрондук почтаны башкаруу ж.б.).

Сынакка катышуу үчүн талап кылынуучу документтер:

  • Арызы, кадрларды каттоо баракчасы, резюме, өмүр баян, сүрөтү 3×4 – 3 даана;

  • Паспорттун көчүрмөсү (паспорттун же ким экендигин тастыктаган документтин түп нускасы сынакка документтерди тапшырган учурда, ошондой эле тестирлөө этабында көрсөтүлөт);

  • Керектүү кесиптик билимин, эмгек стажын жана квалификациясын ырастаган документтери, эмгек стажын жана квалификациясын ырастаган документтери (эмгек китепчесинин, билими, квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам берилгендиги жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү нотариустан же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт);

  • Соттолбогондугу жөнүндө маалымкат (КР ИИМ Маалымат борбору).

Сынакка катышуу үчүн документтерди 2026-жылдын 6-ноябрынан баштап, 2026-жылдын 19-ноябрына чейин саат 17:30га чейин Жер агенттигинин Жети-Өгүз филиалынын кабылдамасына тапшырууңуздар керек.

Дареги: Жети-Өгүз району, Кызыл-Суу айылы, 1-Май көч., 65.

Телефон: 0 3946 52-7-46; 03946-51-4-83.