Квалификациялык талаптар жана жеке сапаттары
Иш кагаздарын жүргүзүүчү катчы кызмат ордун ээлөө үчүн төмөнкү квалификациялык талаптар коюлат:
Кесиптик билимдин деңгээли:
Багыттары боюнча жогорку билими: экономика, тил илими, социология, геодезия жана картография, жерге жайгаштыруу жана кадастр, юриспруденция, мүлктү баалоо жана башкаруу.
Иш тажрыйбасы жана эмгек стажы:
Тажрыйба талап кылынбайт.
Кесиптик компетенттүүлүк:
Билүүсү зарыл:
-
Мамлекеттик жана расмий тилдерди;
-
Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
-
“Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын;
-
“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” конституциялык Мыйзамын;
-
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин;
-
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексин;
-
Кыргыз Республикасынын Этика кодексин;
-
“Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын;
-
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 760 “Жеке маалыматтарды маалымат тутумдарында иштетүү учурунда аткарылышы жеке маалыматтардын корголушун белгиленген деңгээлде камсыз кылуучу, жеке маалыматтардын коопсуздугун камсыз кылууга жана коргоого талаптарды бекитүү жөнүндө” токтомун;
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускаманы”;
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-майындагы № 255 токтому менен бекитилген “Кызматтык пайдалануу үчүн маалыматтарды камтыган документтер менен иштөө тартиби жөнүндө жобону”;
-
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-февралындагы №53 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жобону.
Чеберчилиги:
-
Иштин алдыңкы багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;
-
Анализдөө, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг;
-
Ыкчам чечим кабыл алуу жана алардын кесепеттери үчүн жоопкерчилик;
-
Кызыкчылыктардын кагылышына алып келген көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;
-
Кыйынчылыктарды чечүү үчүн инновациялык ыкмаларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн табуу;
-
Өз ишин жана башкаруу ишин натыйжалуу пландаштыруу.
Жөндөмдүүлүк:
-
Аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
-
Маалыматты талдоо, тутумдаштыруу жана жалпылоо;
-
Конфликттик кырдаалды жөнгө салуу;
-
Маалымат базалары менен иштөө;
-
Презентацияларды даярдоо;
-
Кызматтык убакытты рационалдуу пайдалануу;
-
Компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.
Тилдерди билүүсү:
— Кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн мамлекеттик жана зарыл болгон өлчөмдө расмий тилдерди билүү.
Компьютерде иштей билүүсү:
-
MS/Office;
-
Электрондук почтаны колдонуу;
-
Маалыматтар базасы менен иштөө көндүмдөрү;
-
АМТ “Infodocs” (ЭИКЖТ).
Конкурска катышуу үчүн керектүү документтер:
· өздүк арыз;
· кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча;
· 3×4 см фотосүрөт;
· билими жөнүндө дипломдун көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);
· эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);
· КРнын ИИМинен соттуулугу жоктугу тууралуу маалым кат;
· медициналык справка — 086-У формасы;
· автобиография (өз колу менен);
· билими жөнүндө дипломдун көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);
· аскердик билеттин көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);
· окумуштуулук даража жана окумуштуулук наамы ыйгарылганын, квалификациясын жогорулатууну ырастаган документтердин көчүрмөлөрү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);
· паспорттун же өздүгүн ырастоочу документтин көчүрмөсү (конкурска келгенде паспорттун же инсандыгын ырастоочу документтин түп нускасы көрсөтүлөт).
Сынакка катышуу үчүн документтер 2026-жылдын 06-ноябрынан баштап 19-ноябрына чейин, саат 08:30дан 17:30га чейин Бишкек ш., Эркиндик пр. 57 дареги боюнча кабыл алынат.
Байланыш номери: 62 03 46.