Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу
Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин жер кадастры, каттоо жана чечимдерди даярдоо башкармалыгынын чечимдерди даярдоо жана методологиялык камсыздоо секторунун башкы адисинин
бош кызмат ордун ээлөөгө ачык конкурс жарыялайт
| Башкармалыктын чечимдерди даярдоо жана методологиялык камсыздоо секторунун башкы адиси кызмат ордун ээлөө үчүн төмөнкү квалификациялык талаптар белгиленет: |
| Кесиптик билим деңгээли: |
| — багыттары боюнча жогорку билими: курулуш, экономика, юриспруденция, мүлктү баалоо, мүлктү башкаруу, жерге жайгаштыруу, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, менеджмент. |
| Иш тажрыйбасы жана стажы: |
| — жерге жайгаштыруу жана жер кадастры, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо тутумунда иш тажрыйбасы 2 жылдан кем эмес, же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы |
| Кесиптик компететтүүлүк: |
| Билүүсү зарыл:
— Мамлекеттик жана расмий тилдерди; — Кыргыз Республикасынын Конституциясы; — “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы; — “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил жөнүндө” конституциялык Мыйзамы; — Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси; — Кыргыз Республикасынын Жер кодекси; — Кыргыз Республикасынын Этика кодекси; — Кыргыз Республикасынын Санарип кодекси; — “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”, “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”, “Баалоо иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдары; — Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрында № 233 токтому менен бектилген “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин регламенти”; — “Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; — Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин 2025-жылдын 6-октябрындагы № 10-1/268 буйругу менен бекитилген “Кыймылсыз мүлккө укуктарды, укуктарга чектөөлөрдү жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо эрежелери”; — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча Типтүү нускамасы”; — Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-февралындагы № 53 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө Жобо; — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-апрелиндеги № 217 “Кыргыз Республикасында баалоо иш-аракеттеринин баардык субьекилери милдеттүү түрдө колдонуучу мүлктү баалоонун стандарттарын бекитүү жөнундө” токтому менен бекитилген стандарттарды. |
| Жоюлган жана/же жоюлбаган соттуулугу бар, жазык куугунтугу уланып жаткан жана/же токтотулган жана/же шектенүүсү бар адамдар кызмат ордуна дайындалышы мүмкүн эмес.
|
Сынакка катышуу үчүн төмөнкүлөрдү тапшыруу керек:
— жеке арыз, жеке курамдын өздүк иши, резюме, өмүр баяны (маалымат- соттуулугу бар же жок экендигин көрсөтүү менен); мед. справка №086; 3×4 сүрөт — 4 даана;
— паспорттун же ким экендигин тастыктаган документтин көчүрмөсү (паспорттун же инсандыгын ырастоочу документтин түп нускасы сынакка келгенден кийин көрсөтүлөт);
— кесиптик билимин, иш тажрыйбасын жана квалификациясын тастыктаган зарыл документтер (эмгек китепчесинин көчүрмөсү, билими жөнүндө, квалификациясын жогорулатуу жөнүндө, илимий даража жана илимий наам берүү жөнүндө, аскердик күбөлүгүнүн көчүрмөсү, нотариус же персонал менен иштөө башкармалыгы тарабынан күбөлөндүрүлгөн документтердин көчүрмөлөрү) иштеген жериндеги кызматтар.
Сынакка катышуу үчүн документтер 2026-жылдын 6-октябрынан баштап 2026-жылдын 19-октябрын кошо алуу менен Бишкек шаары, Орозбеков көч., 44 дарегине, 307-иш бөлмөсүнө саат 18: 00го чейин, тапшырылышы керек.