Квалификациялык талаптар
Кесиптик билимдин деңгээли:
Багыты боюнча жогорку билими: юриспруденция.
Иш тажрыйбасы жана эмгек стажы:
— жерге жайгаштыруу жана жер кадастры, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо тутумунда 1 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы; же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 2 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы; же мамлекеттик/муниципалдык кызматта 1 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы.
Кошумча талаптар:
— мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;
— компьютердик сабаттуулукка ээ болуу (Word, Excel, СЭД жана башка программалар);
— юридикалык жана кызматтык документтер менен иштөө жөндөмүнө ээ болуу;
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикалык иште колдонуу жөндөмү;
— кызматтык милдеттерди аткарууда зарыл болгон ченемдик укуктук актыларды билүү.
Билүүгө тийиш болгон ченемдик укуктук актылар:
— Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
— Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси;
— Кыргыз Республикасынын Жер кодекси;
— «Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— «Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— «Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— «Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы № 49 токтому менен бекитилген укуктарды жана оорчулуктарды (чектөөлөрдү), кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо эрежелери;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;
— Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин 2016-жылдын 19-августундагы № 43 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодекси;
— жерге жайгаштыруу жана жер кадастры, кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоо чөйрөсүндөгү башка ченемдик укуктук актылар.
Кызматтык милдеттери:
— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын сактоо;
— Филиалдын ишине байланышкан укуктук маселелер боюнча мыйзамдардын талаптарына ылайык иш алып баруу;
— Агенттиктин жана Филиалдын ишине байланышкан талаш-тартыштарды кароодо белгиленген тартипте соттордо жана башка инстанцияларда Филиалдын жана Агенттиктин кызыкчылыктарын көрсөтүү жана коргоо;
— соттук иштер боюнча доо арыздарды, доолорго каршы пикирлерди, даттанууларды, түшүндүрмөлөрдү жана башка процессуалдык документтерди даярдоо;
— Филиалдын директоруна кол коюуга сунушталган буйруктардын, тескемелердин, жоболордун, келишимдердин долбоорлорунун жана юридикалык мүнөздөгү башка документтердин мыйзам талаптарына шайкештигин текшерүү;
— юридикалык документтерге укуктук экспертиза жүргүзүү;
— документтерде мыйзамдарга каршы келген жоболор же башка келишпестиктер аныкталган учурда, тиешелүү маселени мыйзамдуу түрдө чечүү боюнча сунуштарды киргизүү;
— жерге жайгаштыруу жана жер кадастры, кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоо маселелери боюнча укуктук консультацияларды берүү;
— мамлекеттик каттоо маселелери боюнча жеке жана юридикалык жактардын даттанууларын, арыздарын, суроо-талаптарын жана сунуштарын мыйзамда белгиленген тартипте кароо;
— жеке жана юридикалык жактардын кайрылууларына мыйзам талаптарына ылайык жоопторду даярдоо;
— Филиал тарабынан түзүлүүчү келишимдердин жана башка юридикалык документтердин долбоорлорун даярдоо жана укуктук жактан талдоо;
— Филиалдын ишинде колдонулуучу ченемдик укуктук актыларга киргизилген өзгөртүүлөргө мониторинг жүргүзүү;
— мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөр жөнүндө Филиалдын жетекчилигине тиешелүү маалыматтарды берүү;
— укуктук документтерди системалаштыруу жана белгиленген тартипте сактоо;
— мамлекеттик каттоо маселелери боюнча келип түшкөн арыздарды, даттанууларды жана башка кайрылууларды кароого катышуу;
— Агенттиктин жана Филиалдын ишине байланыштуу укуктук маселелер боюнча сунуштарды жана корутундуларды даярдоо;
— кесиптик этиканын нормаларын сактоо;
— Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттикте жана Филиалда белгиленген ички эмгек тартибин, кызматтык нускамаларды, кызматтык маалымат менен иштөө жана кызматтык өз ара аракеттенүү тартибин сактоо;
— кызматтык маалыматтын купуялуулугун сактоо;
— кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон квалификациянын деңгээлин сактоо жана жогорулатуу;
— жетекчиге баш ийүү тартибинде жогору турган жетекчилердин мыйзамдуу буйруктарын жана көрсөтмөлөрүн өз убагында жана сапаттуу аткаруу;
— Филиалдын жетекчилигинин башка кызматтык милдеттерин жана мыйзамдуу көрсөтмөлөрүн аткаруу.
Конкурска катышуу үчүн керектүү документтер:
— өздүк арыз;
— кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча;
— 3×4 см өлчөмүндөгү фотосүрөт;
— билими жөнүндө дипломдун көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);
— эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);
— соттуулугу жоктугу тууралуу Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинен маалымкат;
— медициналык маалымкат — форма № 86-у;
— автобиография;
— аскердик билеттин көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);
— окумуштуулук даражаны жана окумуштуулук наамды ыйгарууну, квалификациясын жогорулатууну ырастаган документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);
— паспорттун же инсандыгын ырастоочу документтин көчүрмөсү. Конкурска келген учурда паспорттун же инсандыгын ырастоочу документтин түп нускасы көрсөтүлөт.
Документтерди тапшыруу мөөнөтү:
Документтер 2026-жылдын 1-октябрынан 15-октябрь саат 17:30га чейин кабыл алынат.
Документтерди кабыл алуу дареги:
Нарын облусу, Ат-Башы району, Ат-Башы айылы, Т. Жумабеков көчөсү, №15/1.
Байланыш телефондору:
0 (3534) 24-1-43, 0 (3534) 23-1-05.