Квалификациялык талаптар:
Билими – жогорку, жерге жайгаштыруу жана кадастр, юриспруденция, мүлктү баалоо жана башкаруу.
Иш тажрыйбасы — бир жылдан кем эмес;
Компьютерди жана оргтехниканы, керектүү программалык продуктуларды (КЖБ, КЖБ ж.б.) билүү.
Билүүсү зарыл:
— Мамлекеттик жана расмий тилдерди:
— КРнын Конституциясын:
— КРнын Министрлер кабинети жөнүндө «КРнын конституциялык мыйзамын»:
— КРнын мамлекеттик тили жөнүндө конституциялык мыйзамын:
— КРнын Граждандык кодексин:
— КРнын Жер кодексин:
— КРнын Этика кодексин:
— «Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө», «Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө», «КР ченемдик укуктук актылары жөнүндө», «Жарандын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө», «Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана укуктардын чектөөлөрүн жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо жөнүндө», «Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлерди башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө», «Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө», «Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө», «КРнын ченемдик укуктук актылары жөнүндө», «Жер участокторун которуу тартиби жөнүндө», «КРнын мыйзамдарын»
— КРнын мыйзамдары, КР 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 760 «жеке маалыматтарды маалымат тутумдарында иштетүү учурунда аткарылышы жеке маалыматтардын корголушун белгиленген деңгээлде камсыз кылуучу, жеке маалыматтардын коопсуздугун камсыз кылууга жана коргоого талаптарды бекитүү жөнүндө» токтому
— КР МК 2021-жылдын 28-октябрында № 233 токтому менен бекитилген КР Министрлер Кабинетинин регламентин;
— КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 9-октябрындагы № 535 токтому менен бекитилген «Мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» жобону;
— КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-июнундагы № 388 токтому менен бекитилген «Кыймылсыз мүлк бирдиктерине техникалык изилдөө жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» жобону;
— КР Өкмөтүнүн 2023-жылдын 7-майындагы № 255 токтому бекитилген «кызматтык пайдалануу үчүн маалыматтарды камтыган документтер менен иштөө тартиби жөнүндө» жобону;
— КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген «кызматтык пайдалануу үчүн маалыматтарды камтыган документтер менен иштөө тартиби жөнүндө» жобону;
— КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-февралындагы № 53 токтому менен бекитилген КР Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жобону;
— КР Өкмөтү менен бекитилген Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүү жөнүндө, Мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү жөнүндө тартиптерин;
— Ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу процедураларын;
— Эмгек, өндүрүш жана башкарууну уюштуруу негиздерин;
— Эмгек коргоо эрежелерин жана ченемдерин;
— Филиал жөнүндө жобону ж.б.
Кызматтык милдеттери:
— КР мыйзамдарын сактоо;
— Милдеттүү нотариалдык күбөлөндүрүүнү талап кылбаган кыймылсыз мүлккө тиешелүү келишимдер боюнча укуктарды мамлекеттик каттоосун сапаттык камсыз кылуу;
— Кыймылсыз мүлккө катталган укук белгилөөчү жана укукту акстык чоочудоочу документтердин өз убагында берилишине көзөмөлдү камсыздоо;
— Өз ыйгарым укуктарынын чегинде жарандардын жана уюмдардын кайрылууларын кароо жана консультация берүү;
— Кызматтык этиканын ченемдерин жана нормаларын сактоо;
— Башкармалыктын белгиленген ички эмгек тартибинин эрежелерин, кызматтык нускамаларды, расмий маалымат менен иштөө жана кызматтык өз ара аракеттенүүнүн тартибин сактоо;
— Кызматтык этиканын ченемдерин сактоо;
— Кыймылсыз мүлктүн бирдигинин маалымат базасына укуктардын өтүшү тууралуу маалыматты толук киргизилишин камсыздоо;
— Жетекчилерге баш ийүүчүлүк тартиби менен жогорку кызмат өкүлдөрүнүн кызматтык ыйгарым укуктарынын чегинде берилген буйруктарын жана көрсөтмөлөрүн өз убагында жана сапаттуу аткаруу;
— КР мыйзамдарында белгиленген Агенттикке тиешелүү чектөөлөрдү жана тыюу салууларды сактоо;
— Зарыл болгон учурда комиссияларга катышуу.
Конкурска катышуу үчүн керектүү документтер:
- өздүк арыз, кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча, 3×4 см сүрөт;
- жыйынтык (резюме);
- билими тууралуу дипломдун көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);
- эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);
- КРнын ИИМинен соттолбогондугу тууралуу маалым кат;
- өмүр баян (кол менен);
- паспорттун же инсандыгын ырастоочу документтин көчүрмөсү (паспорттун же инсандыгын ырастоочу документтин түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт);
- аскердик билеттин көчүрмөсү;
- окумуштуулук даража жана окумуштуулук наам ыйгаруу, квалификациясын жогорулатуу тууралуу документтердин көчүрмөлөрү.
Конкурска катышуу үчүн керектүү документтер:
- өздүк арыз;
- кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча;
- 3×4 см фотосүрөт;
- билими жөнүндө дипломдун көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);
- эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);
- КРнын ИИМинен соттуулугу жоктугу тууралуу маалым кат;
- медициналык справка — 086-У формасы;
- автобиография (өз колу менен);
- билими жөнүндө дипломдун көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);
- аскердик билеттин көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);
- окумуштуулук даража жана окумуштуулук наам ыйгарылганын, квалификациясын жогорулатууну ырастаган документтердин көчүрмөлөрү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);
- паспорттун же өздүгүн ырастоочу документтин көчүрмөсү (конкурска келгенде паспорттун же инсандыгын ырастоочу документтин түп нускасы көрсөтүлөт).
Сынакка катышуу үчүн документтер 2026-жылдын 28-сентябрынан баштап 8-октябрына чейин, саат 08:30дан 17:30га чейин Бишкек ш., Эркиндик пр. 57 дареги боюнча кабыл алынат.
Байланыш номери: 62 03 46.