Аламүдүн филиалынын жер кадастры жана каттоо бөлүмүнүн жер кадастры жана кадастрдык изилдөө боюнча башкы адиси кызмат ордуна – 1 бирдик,

  • Рубрика записи:Вакансии

Аламүдүн филиалынын жер кадастры жана каттоо бөлүмүнүн жер кадастры жана кадастрдык изилдөө боюнча башкы адиси кызмат ордуна – 1 бирдик,

Аламүдүн филиалынын жер кадастры жана каттоо бөлүмүнүн жер кадастры жана кадастрдык изилдөө боюнча башкы  адисине коюлуучу талаптар

Квалификациялык талаптар:

— жерге жайгаштыруу жана кадастр боюнча жогорку билим; мүлктү башкаруу; архитектура жана курулуш, геодезия жана картография, агроном, гидромелиорация;

— кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо жана кадастр системасында 2 жылдан кем эмес иш стажы, же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

— мамлекеттик жана расмий тилди билүү;

— компьютердик иш ишмердүүлүгү (Word, Excel, СЭД ж.б.) ээ болуу;

— мамлекеттик кызматчы кызматтык милдеттерин аткарууда аткарууга милдеттүү болгон ченемдик укуктук актыларды билүү:

— Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

— «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы;

— Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси;

— Кыргыз Республикасынын Жер кодекси;

— «Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө»; «Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө»; «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»; «Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө»;

— «Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы №49 токтому менен бекитилген укуктарды жана оорчулуктарды (чектөөлөрдү), кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо эрежелери;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамалар;

— Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ №171 Жарлыгы «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодекси».

Кызматтык милдеттери:

— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо;

— Агенттиктин жана филиалдын ишине байланышкан талаш-тартыштарды кароодо белгиленген тартипте соттордо жана башка инстанцияларда филиалдын, Агенттиктин кызыкчылыктарын көрсөтүү жана коргоо;

— филиалдын директоруна кол коюуга сунушталган мыйзамдардын, буйруктардын, тескемелердин, жоболордун долбоорлорунун жана юридикалык мүнөздөгү башка документтердин мыйзамдарга шайкештигин текшерүү. Эгерде келишпестиктер аныкталса, тиешелүү маселени мыйзамдуу түрдө чечүү боюнча сунуштарды киргизүү;

— кесиптик этиканын нормаларын сактоо;

— жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттикте жана филиалда белгиленген ички эмгек тартибин, кызматтык нускамаларды, кызматтык маалымат менен иштөө жана кызматтык өз ара аракеттенүү тартибин сактоо;

— кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон квалификациянын деңгээлин сактоо;

— жетекчиге баш ийүү тартибинде жогору тургандардын буйруктарын жана көрсөтмөлөрүн өз убагында жана сапаттуу аткаруу;

— мамлекеттик каттоо маселелери боюнча жеке жана юридикалык жактардын даттанууларын, суроо-талаптарын жана сунуштарын кароо;

— филиалдын жетекчилигинин башка кызматтык милдеттерин жана көрсөтмөлөрүн аткаруу.

Конкурска катышуу үчүн керектүү документтер:

— өздүк арыз, кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча, 3×4 см фотосүрөт;

— билими жөнүндө дипломдун көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);

— эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариалдык күбөлөндүрүлгөн);

— соттуулугу жоктугу тууралуу КР ИИМинен маалымкат;

— психологиялык;

— медициналык справка — форма 86-у;

— автобиография (өз колу менен);

— билими жөнүндө дипломдун көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);

— аскердик билеттин көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);

— окумуштуулук даражаны жана окумуштуулук наамды ыйгарууну, квалификациясын жогорулатууну ырастаган документтердин көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);

— жыйынтык;

— паспорттун же өздүгүн ырастоочу документтин көчүрмөсү (конкурска келгенде паспорттун же инсандыгын ырастоочу документтин түп нускасы көрсөтүлөт).

Документтерди 2026-жылдын 30-сентябрынан  баштап  2026-жылдын 13-октябрын  кошо алуу менен , саат 8:30дан 17:30га чейин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Аламүдүн филиалына (Лебединовка айылы, Зеленная көчөсү, 1а) кабыл алышат.

Байланыш телефону: (0312) 333-347.