Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Аксы филиалы кыймылсыз мүлккө укуктарды жана чектөөлөрдү мамлекеттик каттоо боюнча адистин жана жер кадастры жана кадастрдык изилдөө боюнча адистеринин бош кызмат ордун ээлөөгө ачык конкурс жарыялайт – 4 бирдик.

  • Рубрика записи:Вакансии

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Аксы филиалы кыймылсыз мүлккө укуктарды жана чектөөлөрдү мамлекеттик каттоо боюнча адистин жана жер кадастры жана кадастрдык изилдөө боюнча адистеринин бош кызмат ордун ээлөөгө ачык конкурс жарыялайт – 4 бирдик.

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Аксы филиалы кыймылсыз мүлккө укуктарды жана чектөөлөрдү мамлекеттик каттоо боюнча адистин жана жер кадастры жана кадастрдык изилдөө боюнча адистеринин бош кызмат ордун ээлөөгө ачык конкурс жарыялайт – 4 бирдик.

Квалификациялык талаптар:

  1. Билими – жогорку жана атайын орто жерге жайгаштыруу жана кадастр, юриспруденция, мүлктү баалоо жана башкаруу.
  2. Иш тажрыйбасы — талап кылынбайт.
  3. Мамлекеттикжана расмийтилдерди билүү.
  4. Компьютерди жана оргтехниканы, керектүү программалык продуктуларды (КЖБ, КЖБ ж.б.) билүү.
  5. Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын жер, жарандык ж.б. мыйзамдарын билүүсү.

 

Билүүсү зарыл:

—    Мамлекеттик жана расмий тилдерди;

—    Кыргыз Республикасынын Конституциясын;

—    “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз

Республикасынын конституциялык Мыйзамын;

— Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө конституциялык Мыйзамын;

— “Жер  кодексин колдонууга киргизүү жэөнүндө”,   “Жер укуктук мамилерди жөнгө салуу жөнүндө”, “Кыймылсыз мүлккө  жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө”, Административдик иштин негиздери жана административдик  жол-жоболор жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын;

—    Кыргыз Республикасынын Граждандык жана Турак жай  кодексин;

—    Кыргыз Республикасынын Жер кодексин;

—    Кыргыз Республикасынын Этика кодексин;

—    “Айыл чарба жерлерин башкаруу жөнүндө”, “Жайыттар жөнүндө”, “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө”, “Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө”, “Геодезия жана картография жөнүндө”, “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын;

—   Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрында № 233 токтому менен бектилген “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин регламентин”;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 9-октябрындагы № 535 токтому менен бекитилген “Мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” жобону;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 5-январындагы № 1 токтому менен бекитилген “Айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларын ордун толтуруунун наркынын ченемдерин бекитүү жана алардын ордун толтуруу тартибинде келип түшкөн каражаттарды пайдалануу жөнүндө жобону”;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 8-декабрындагы № 311 токтому менен бекитилген “Жер участогуна укуктарды күбөлөндүрүүчү документтерди тариздөөнүн жана берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” жобону;

—   Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы  № 49 токтому менен бекитилген “Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана укуктардын чектөөлөрүн жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо эрежесин”;

—   Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-ноябрындагы № 301 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин жергиликтүү каттоо органдары тарабынан жана Кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү маалыматтык системасынан кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматтарды берүү тартиби тууралуу” жобону;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-июнундагы № 388 токтому менен бекитилген “Кыймылсыз мүлк бирдиктерине техникалык изилдөө жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” жобону;

—  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча Типтүү нускамасын”;

— Кыргыз Республикасынын мыйзамы   2008-жылдын 14-апрелиндеги № 58 “Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө”,  ушул Мыйзам жеке маалыматтарды чогултууга, иштеп чыгууга жана пайдаланууга байланыштуу адамдын жана жарандын эркиндиги менен укуктарын коргоо камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен мыйзамдарына ылайык жалпы кабыл алынган эларалык ченемдердин жана принциптердин негизинде жеке маалыматтар менен иштөөнү укуктук жактан жөнгө салууга багытталган;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 759 “Жеке маалыматтар субъектисинин жеке маалыматтарын чогултууга жана иштетүүгө анын макулдугун алуу тартибин, алардын жеке маалыматтарын үчүнчү тарапка берүү жөнүндө жеке маалыматтар субъектилерине билдирүү тартибин жана формасын бекитүү тууралуу” токтомун;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 760 “Жеке маалыматтарды маалымат тутумдарында иштетүү учурунда аткарылышы жеке маалыматтардын корголушун белгиленген деңгээлде камсыз кылуучу,  жеке маалыматтардын коопсуздугун камсыз кылууга жана коргоого талаптарды бекитүү жөнүндө” токтомун;

— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-мартындагы №158 “Мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жеке маалыматтардын башка мамлекеттик кармоочуларынан (ээлеринен) алынган жеке маалыматтардын пайдаланылышын контролдоо жөнүндө” токтомун;

— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын                                     12-февралындагы № 53 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жобону;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен   бекитилген  Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүү жөнүндө, Мамлекеттик менчикте турган  жер участокторун берүү  жөнүндө тартиптерин;

— Жерди мамлекеттик эсепке алуу (жер кадастры) жөнүндө жобону;

— ченемдик укуктук  актыларды иштеп чыгуу процедураларын;

-эмгек, өндүрүш жанга башкарууну уюштуруу негиздерин;

-эмгек коргоо эрежелерин жана ченемдерин.

 

Конкурска катышуу үчүн керектүү документтер:

* өздүк арыз, кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча, 3 х4 см сүрөт;

* жыйынтык (резюме);

* билими тууралуу дипломдун көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);

* эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);

* КРнын ИИМинен соттолбогондугу тууралуу маалым кат;

* өмүр баян (кол менен);

* паспорттун же инсандыгын ырастоочу документтин көчүрмөсү(паспорттун же инсандыгын ырастоочу документтин түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт); аскердик билеттин көчүрмөсү.

* окумуштуулук даража жана окумуштуулук наам ыйгаруу, квалификациясын жогорулатуу тууралуу документтердин көчүрмөлөрү.

 

Скоросшивателге көктөлгөн документтер 9-октябрь 2026-ж. саат 17:30 чейин Ниязалы көч., 36 —Аксы филиалына, кадрлар бөлүмүнө берилиши керек.

Тел. 03742 5-00-80; +996 502041222

Квалификациялык талаптарга жооп берген талапкерлер тестирлөөгө чакырылат. Тесттин датасы, убактысы жана орду жөнүндө кошумча маалымат берилет.