23-сентябрь күнү, КР Мамлекеттик тил күнүнө карата Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин борбордук аппаратында майрамдык иш-чара өткөрүлдү.
Майрамдык иш-чаранын негизги максаты – мамлекеттик тилдин коомдогу жана мамлекеттик кызматтагы ордун бекемдөө, кыргыз тилин урматтоого жана кеңири колдонууга үндөө, ошондой эле кызматкерлердин улуттук баалуулуктарга болгон кызыгуусун арттыруу болду.
Иш-чарага Жер агенттигинин борбордук аппаратынын кызматкерлери катышып, үч командага бөлүнүп, кыргыз тили, кыргыз элинин тарыхы, маданияты, каада-салты жана улуттук баалуулуктары боюнча бир катар сынактарда өз ара күч сынашты.
Анда КР Мамлекеттик гимнинин аткарылышы менен башталып, Жер агенттигинин директору Эрнисбек Зарнаев баштаган жетекчилик топ кызматкерлерди Мамлекеттик тил күнү менен куттуктап, кыргыз тилинин мамлекеттик башкаруудагы маанисин белгилешти.
Катышуучулар кыргыздын белгилүү акын-жазуучулары жана алардын чыгармалары, «Манас» үчилтиги жана андагы каармандар, кыргыз элинин каада-салты жана ырым-жырымдары, боз үйдүн түзүлүшү, кыргыздын улуттук тамак-аштары тууралуу өз билимдерин көрсөтүштү. Ошондой эле кыргыз ыр-күүлөрү жаңырып, монолог сынактар өткөрүлдү.
Майрамдык сынактар кызматкерлердин мамлекеттик тилдеги билимин гана эмес, алардын чыгармачылыгын, тапкычтыгын, сахна маданиятын жана командалык ынтымагын да көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берди.
Иш-чаранын жүрүшүндө кыргыз тили улуттук мурастын гана эмес, мамлекеттик башкаруунун, коомдук байланыштын жана келечек муундун өнүгүүсүнүн маанилүү бөлүгү экени белгиленди.
Жер агенттигинде мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө, кызматтык иш кагаздарын жана коомчулук менен байланышты кыргыз тилинде жүргүзүүгө, кыргыз тилинин колдонуу чөйрөсүн кеңейтүүгө багытталган иштерди мындан ары да улантуу маанилүү экени белгиленди.










