Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Кочкор филиалы төмөнкү бош кызмат ордуна ачык конкурс жарыялайт:
- Башкы адис юрист– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Кочкор филиалы, 1 штаттык бирдик.
Кесиптик билим деңгээли:
- юриспруденция багыты боюнча жогорку билим же орто атайын билим.
Иш стажы жана тажрыйбасы:
- адистик боюнча иш стажы кеминде 3 (үч) жыл.
Кызматтык милдеттерди аткарууда жетекчиликке алынуучу ченемдик укуктук актыларды билүү:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
- Кыргыз Республикасынын Жарандык кодекси;
- Кыргыз Республикасынын Жер кодекси;
- Кыргыз Республикасынын төмөнкү мыйзамдары:
«Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө»,
«Жайыттар жөнүндө»,
«Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө»,
«Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө»,
«Административдик ишмердүүлүктүн негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө»,
«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»,
«Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө»,
«Кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо жөнүндө»;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жарлыктары, тескемелери жана токтомдору;
- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын алдындагы «Кадастр» мамлекеттик мекемеси жөнүндө Жобо;
- Кыргыз Республикасынын «Кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо жөнүндө» Мыйзамы.
Ээ болуусу:
- кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;
- компьютердик жана оргтехниканы, керектүү программалык продуктыларды колдонуу;
- маалымат базалары, электрондук документ жүгүртүү системалары (СЭД), пландоо-картографиялык материалдар менен иштөө.
Көндүмдөрү:
- жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
- документтерди жана маалыматтарды сапаттуу даярдоо;
- кызматтык милдеттерине ылайык өз ишмердүүлүгүн натыйжалуу пландаштыруу;
- мамлекеттик жана/же расмий тилде иш кагаздарын жүргүзүү;
- команда менен иштөө.
Ыкмалары:
- ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
- ишти пландаштыруу жана кызматтык убакытты туура бөлүштүрүү.
Конкурска катышуу үчүн керектүү документтер:
• өздүк арыз, кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча, 3 х4 см сүрөт;
• жыйынтык (резюме);
- билими тууралуу дипломдун көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);
• эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);
• КРнын ИИМинен соттолбогондугу тууралуу маалым кат;
• өмүр баян (кол менен);
• паспорттун же инсандыгын ырастоочу документтин көчүрмөсү (паспорттун же инсандыгын ырастоочу документтин түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт); аскердик билеттин көчүрмөсү.
• окумуштуулук даража жана окумуштуулук наам ыйгаруу, квалификациясын жогорулатуу тууралуу документтердин көчүрмөлөрү. - Сынакка катышуу үчүн документтерди 2026- жылдын 3-сентябрынан баштап, 2026- жылдын 16-сентябрын кошо алуу менен саат 17:30 га чейин, Кочкор филиалынын кабылдамасына тапшырууңуздар керек.
Дареги: Кочкор району, Кочкор айылы , С.Алиев көч., №22 Телефон: 0 3535 5-10-23
Квалификациялык талаптарга жооп берген талапкерлер тестирлөөгө чакырылат. Тесттин датасы, убактысы жана орду жөнүндө кошумча маалымат берилет.